Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА 10 МИҢ АДАМГА ЫЛАЙЫКТАШКАН МЕЧИТТТИН КУРУШУЛУ БАШТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА 10 МИҢ АДАМГА ЫЛАЙЫКТАШКАН МЕЧИТТТИН КУРУШУЛУ БАШТАЛДЫ

 1,254 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында 10 миң адамга ылайыкташкан мечиттин курулушу башталды. Жалал-Абад шаарында 10 миң кишиге ылайыкташкан мечиттин курулушуна капсула салынды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мечитттин курулуш иштерин каржылоо жагын Камчыбек Ташиев колго алган жана “Эл тилеги” фонду аркылуу демөөрчүлүк кылууну каалоочулар колдоо көрсөтсө болот.10-июлда мечиттин курулуш иштери старт алып, капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери, жергиликтүүлөр катышты.Мечиттин ичинде 10 миң адам, сыртында 5 минге жакын адам намаз окууга ылайыктуу. Жер төлөсүндө 1000 унаага ылайыкташкан автоунаа токтотуучу жайы бар.

Мечитте заман талабына жооп берген бардык зарыл шарттар камтылат.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17