Аймак

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН ГУМАНТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫ КАРМАЛДЫ

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН ГУМАНТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫ КАРМАЛДЫ

 399 Бардыгы /

УКМК Оштогу Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. мамлекеттик экзаменде студенттерден акча талап кылгандыгы үчүн кармалганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканынын орун басары Д.у.Д кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы У.И.С. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, ал КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камакка алынды.

УКМК билим берүү системасындагы коррупция, паракорчулук фактылары тууралуу билдирүүгө чакырат.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17