Аймак

“КЫРГЫЗ ТУУСУ” ЖАНА “СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА” БАСМА ҮЙҮНҮН ДИРЕКТОРУ- РЕДАКТОРЛОРУ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ

“КЫРГЫЗ ТУУСУ” ЖАНА “СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА” БАСМА ҮЙҮНҮН ДИРЕКТОРУ- РЕДАКТОРЛОРУ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ

 6 Бардыгы /

“Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору – башкы редактору Тыналиев Мырзакат Бешкемпирович ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Директордун милдетин убактылуу орун басары аткарып турат.
“Слово Кыргызстана” басма үйүнүн директору – башкы редактору Слащева Тамара Михайловна ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзымынын 18-беренесине ылайык Елена Жолобова “Слово Кыргызстана” басма үйүнүн директору – башкы редактору болуп дайындалды.
Жамаатка жаңы директорду Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды.

Елена Жолобова 47 жашта. Буга чейин “Чуйские известия” гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17