Аймак

КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНДА ФЕРМЕРЛЕРДИ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНДА ФЕРМЕРЛЕРДИ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

 6 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда фермерлерди тейлөө борбору ишке киришти. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган тейлөө борбору министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдын тапшырмасынын негизинде ачылды. Анда дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, «Айыл-Банк», «Элдик Банк» ААКнын өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефон номери аркылуу байланышса болот: 03748 50881, 0772603191.

Белгилей кетчүү жагдай: буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында дыйкан-фермелерди тейлөө борбору ачылган эле. Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17