Аймак

ОШТО ОПУЗАЛАП АКЧА ТАЛАП КЫЛУУ МЕНЕН АЛЕКТЕНИШКЕН БАЖЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛЫШТЫ

ОШТО ОПУЗАЛАП АКЧА ТАЛАП КЫЛУУ МЕНЕН АЛЕКТЕНИШКЕН БАЖЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛЫШТЫ

 3 Бардыгы /

Ош жергесинде системалуу түрдө акча талап кылып келишкен Бажы кызматкерлери кармалышты. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 4-декабрында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында Бажы кызматынын «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери арасында бажы тазалоо жол-жоболорун тездетип жүргүзгөндүгү жана бажы мыйзамдарын бузууларды жашыргандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан системалуу түрдө акча чогултуу фактылары боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Ошентип, аталган кылмыш иши боюнча «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жеринин эки башкы тескөөчүсү А.Д.М .жана А.А.Ш., 2 улук инспектору Ж.у.К. жана Ж.Ч.И., «Ош» бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү К.М.Н. жана «Мега логистик» БКЖнын башкы тескөөчүсү Р.М.М., ошондой эле ортомчу сыңары иш алып барган оператор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Ушул тапта бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды лагы аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17