Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕКТЕПТЕН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД:  МЕКТЕПТЕН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыккан өрт саат 22:28де толугу менен өчүрүлдү. Маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүдө куткаруучулардын ыкчам аракети менен мектепке улай салынган (2020-жылы курулуп пайдаланууга берилген) ашканасы сакталып калды.

Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп жана парта, ж.б. эмеректери чыгарылып, алып чыгарылып, учурда Тогуз-Торо району боюнча ӨКБнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан өрт болгон жерге тийиштүү кароолорду жүргүзүү менен өрттөн келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17