Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,876 Бардыгы / Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын 2018-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө жыйынтыктоочу оперативтүү кенешме болду. Ага ИИМдин орун басары, милициянын генерал майору К.Асанов, Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилик курамы, бөлүм башчылары, шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарларынын катышуусунда өттү. Жыйын башында […]
2,877 Бардыгы / Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын 2018-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө жыйынтыктоочу оперативтүү кенешме болду. Ага ИИМдин орун басары, милициянын генерал майору К.Асанов, Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилик курамы, бөлүм башчылары, шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарларынын катышуусунда өттү. Жыйын башында […]
ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБ: ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
11.01.2019 / Автор aymak

2,878 Бардыгы /
Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын 2018-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө жыйынтыктоочу оперативтүү кенешме болду.
Ага ИИМдин орун басары, милициянын генерал майору К.Асанов, Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилик курамы, бөлүм башчылары, шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарларынын катышуусунда өттү.
Жыйын башында жарандык коомдун кылмыштуулукту алдын алууда ички иштер органдары менен тыгыз жумуш алып барып жаткандыгы бааланып, бир топ облус тургундарына ИИМдин ардак баракчалары жана төш белгилери менен сыйлоо менен башталды.
Ыкчам кеңешмени Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов алып барып, жалпысынан Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын 2018-жылдын 12 ай ичинде аткарган оперативтүү-кызмат, сырткы кызмат жана жалпы ишмердүүлүгүнүн абалы каралды.
Алсак, 2018-жылдын 12 ай ичинде жалпы катталган кылмыштардын саны- 2289. Анын ичинен 1837 кылмыш иши козголуп, 2736 кылмыш иши тергелген. Ошондой эле, катталган кылмыштардын ичинен 2500 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу пайызы 91,4 % түзгөн.
ИИМдин орун басары К.Асанов жыл ичинде Жалал-Абад областындагы бир топ жетишкендиктерге баалап, аны менен бирге өткөн жылдагы окуяларга саресеп салып кетирген кемчиликтерге жол бербөөнү талап кылды. Ошондой эле өздүк курамга, жаңы мыйзамдар менен так жумуш алып барууга, ар кандай уурулуктардын бетин ачууда келтирилген материалдык зыяндардын ордун толтуруу, кайтарууга өзгөчө маани берүү зарыл экендигине басым жасады.
«Биздин милдет камоо эмес, жарандардын арасында тартипти орнотуу жана кылмыштуулукту алдын алуу керек” деди ИИМдин орун басары Курсан Асанов.
Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев милиция кызматкерлери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын бейпилдиги үчүн тыгыз жумуш алып барып жаткандыгын белгиледи. Аны менен бирге облус аймагында жол кыймылы багытында айрым көйгөйлөргө токтолду.
Жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБнын ыкчам-кеңешмесинин чечими менен Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын 2018-жылдын 12 айында кылмыштуулуктун алдын алууда жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук тартипти жана атуулдардын коопсуздугун сактоодо аткарган иштери жакшы экендиги айтылды.
Ошондой эле айрым шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн көрсөткүчтөрү каралып оперативтүү кеңешменин жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.












Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖАПКАН 300ГӨ ЖАКЫН АДАМГА КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.