Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,266 Бардыгы / Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш Агенттиги узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин гана өлкөбүзгө дагы алты миллион евро кредит он беш жылдык мөөнөткө берүүнү акыры макулдашты. Эми бул жөнүндөгү атайын келишимге үстүбүздөгү жылдын март айында кол коюлат. Маалыматка караганда, Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы жакын арада төрт миллион еврону грант иретинде, […]
1,267 Бардыгы / Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш Агенттиги узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин гана өлкөбүзгө дагы алты миллион евро кредит он беш жылдык мөөнөткө берүүнү акыры макулдашты. Эми бул жөнүндөгү атайын келишимге үстүбүздөгү жылдын март айында кол коюлат. Маалыматка караганда, Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы жакын арада төрт миллион еврону грант иретинде, […]
МИЛЛИОН КЫРГЫЗСТАНДЫК ДАГЫЛЕ ТАЗА СУУ ИЧИШПЕЙТ
23.01.2019 / Автор aymak1,268 Бардыгы /
Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш Агенттиги узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин гана өлкөбүзгө дагы алты миллион евро кредит он беш жылдык мөөнөткө берүүнү акыры макулдашты. Эми бул жөнүндөгү атайын келишимге үстүбүздөгү жылдын март айында кол коюлат.
Маалыматка караганда, Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы жакын арада төрт миллион еврону грант иретинде, дагы эки миллион еврону кредит сыңары гана Кыргызстанга которот. Мынча каражаттын бардыгы тең Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак айыл өкмөттөрүндөгү сегиз кыштакты таза суу менен камсыздоого толук бойдон жумшалат.
Айтмакчы, бул – сынак иретиндеги гана долбоор. Анткени, Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы буга дейре Кыргыз шаарларын таза суу менен гана камсыздоого жетиштүү эле каражат бөлүштүргөн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш Агенттигинин ынандырганына караганда, жогорудагыдай долбоорлор болочокто республикабыздын башка облустарында дагы акыры жүзөгө ашырылмакчы. Анткени, Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун эсебинде 2018-жылдын 1-январына карата миллион Кыргыз тургуну ушул тапта дагыле ичилүүчү таза сууга зар! Ошондуктан, Өкмөт бул көйгөйдүн үстүндө мындан ары дагы тынымсыз иштөөсү кажет!
Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү БанкыКыргыз калкын таза суу менен толук кандуу камсыздоо максатында өзүнчө чоң долбоор баштагандыгын аталган Банктын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен 2018-жылдын декабрында жолукканда дагы ачыктаган. Ошондо ири Банктын башчысы Кыргызстанда таза суу инфратүзүм долбооруна жалпысынан 120 миллион евро ажыратылаарын абдан катуу убада кылган. Бирок, бул каражаттар эгерде максатсыз пайдаланылса, Кыргызстан жазана (айып пул) төлөөрүн дагы Кыргыз Президентине абдан катуу экскерткен.
Маселен, тээ 2013-жылы Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы Кыргызстанга 22 миллион евро Бишкек шаарындагы эски Таштанды Полигонун жаңылоого бөлгөн эле. Мынча каражаттын жарымы кредит, а жарымы грант сыңары берилген. Ошентип, Бишкек шаарында Таштанды Полигонунун курулушу 2019-жылдын акырына дейре курулуп бүтүп, эскисиндеги калдыктар толук бойдон жерге көмүлүшү шарт эле.
Тилекке каршы, 22 миллион еврону ошондо дагы Кыргызстан таптакыр эле максатсыз пайдаланган. Ошол себептүү 2015-жылдан тартып 2018-жылдын октябрына карата муну үчүн өлкөбүз Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкына 151 миң евро айып пул төлөгөн. Анткени, Таштанды Полигону курулуп бүткүчө, келишим шартын аткарбагандыгы үчүн Кыргызстан ай сайын 4000 евро жазана төлөшү шарт. Быйылкы январь айына карата эле бул өлчөм дагы 160 миң еврону чапчып олтурат. Мындан дагы кутула элекпиз. А карыз күн өткөн сайын уламдан улам көбөйүп гана баратат.
Ошентип, Кыргызстан Бишкек шаарында али толук курулуп бүтө элек эле Таштанды Полигонуна дагыле айып пул төлөп келатат. Болгону муну үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын бир катар кызматкерлеринин үстүнөн гана кылмыш ишин козгоп кутулушту. Бирок, иш жүзүндө эч ким деле жазага тартылган жок!
Ал эми таза суу үчүн бөлүнгөн ири өлчөмдөгү каражаттар деле дал ушундай тартипте ыксыз пайдаланылат деп азыртан эле чоочулап, тынымсыз коңгуроо каккандар көп. Мунун дагы жөнү бар. Буга дейре Таза Суу Программасынын аткарылышына бөлүнгөн миллиондогон каражаттардын канчалык даражада мыйзамдуу жана максаттуу урунулгандыгы туурасында Кыргыз Өкмөтү, ага караштуу Таза Суу Департаменти эл алдында бир дагы ирет отчет бере элек…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
29.03.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда МОДАЛУУ ЖАЗГЫ КИЙИМДЕР ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
-
-
09.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАНДА КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ДОСТУГУНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА АЯКТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.