Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
992 Бардыгы / Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен райондорунун тургундары Душанбеден Пянж дарыясы аркылуу өтчү көпүрөнү ачууну суранып жатышат. Аталган көпүрө быйыл 1-январдан тарта «коопсуздук максатында» жабылган. Маалыматтарга караганда, тажик-ооган чек арасынын аталган бөлүгүндө Ооганстандын Хохон, Куфоб жана Шикай райондорунун тургундарына азык-түлүк алып бараткан 20га жакын жүк унаасы токтоп турат. Болжол менен 300 миңге жакын адам жашаган […]
993 Бардыгы / Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен райондорунун тургундары Душанбеден Пянж дарыясы аркылуу өтчү көпүрөнү ачууну суранып жатышат. Аталган көпүрө быйыл 1-январдан тарта «коопсуздук максатында» жабылган. Маалыматтарга караганда, тажик-ооган чек арасынын аталган бөлүгүндө Ооганстандын Хохон, Куфоб жана Шикай райондорунун тургундарына азык-түлүк алып бараткан 20га жакын жүк унаасы токтоп турат. Болжол менен 300 миңге жакын адам жашаган […]
ООГАНСТАНДЫН ЖАШООЧУЛАРЫ ДУШАНБЕДЕН ЧЕК АРАДАГЫ КӨПҮРӨНҮ АЧУУНУ СУРАНЫШУУДА
12.02.2019 / Автор aymak

994 Бардыгы /
Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен райондорунун тургундары Душанбеден Пянж дарыясы аркылуу өтчү көпүрөнү ачууну суранып жатышат. Аталган көпүрө быйыл 1-январдан тарта «коопсуздук максатында» жабылган.
Маалыматтарга караганда, тажик-ооган чек арасынын аталган бөлүгүндө Ооганстандын Хохон, Куфоб жана Шикай райондорунун тургундарына азык-түлүк алып бараткан 20га жакын жүк унаасы токтоп турат. Болжол менен 300 миңге жакын адам жашаган ал райондордо азык-түлүк түгөнүүдө. Ооганстандын түндүк райондору кыштын келиши менен дээрлик жарым жылдан бери сырткы дүйнө менен байланышсыз калышкан.
Нурали Сайид аттуу ооганстандык ишкер ага таандык төрт жүк унаасында ондогон тонна азык-түлүк, анын ичинде жер-жемиштер бар экенин билдирди. «Унааларыбыз чек арада өткөн айдан бери турушат. Товардын бир бөлүгү бузулуп да кетти болуш керек. Кыштын келиши менен ашуулар жабылып, азык-түлүк жеткирүү үчүн Тажикстандын аймагы аркылуу өтүп келебиз», — деди ал.
Ал ортодо өзүн Махмадаслам деп тааныштырган Хохон районунун тургуну базарларда азык-түлүк дээрлик жок калганын билдирди. «Бул көпүрө жок кезде биз адатта кышка азык-түлүк камдап алчубуз. Көпүрө ачылгандан кийин биз ал дайыма эле ушул калыбында турат го дегенбиз. Азыр азык-түлүк дээрлик жок калды. Жергиликтүү тургундар ачка калганы турушат. Биз тажик президентинен көпүрөнү ачууга жардам берүүсүн суранабыз», — деди ал.
Азырынча тажик бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Өлкөнүн укук коргоо органдарындагы өз булактар «эки өлкө ортосундагы көпүрө коопсуздук максатында жабылганын» гана билдиришти.
11-февралда Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернатору тажик бийлиги көпүрөнүн эмне себептен жабылганын түшүндүрө электигин айтты.
Ооганстан менен чек аранын жабылышына 2017-жылдын декабрындагы окуя себеп болгон. Анда ооган аткезчилери менен атышуу болуп, жыйынтыгында Тажикстандын чек ара бөлүгүнүн командири мерт болгон.
www…
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg ТЕАТРДА “ТАГДЫР СЫНООСУ” АТТУУ СПЕКТАКЛЬ КӨРСӨТҮЛДҮ
-
22.01.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНУН ПРОКУРАТУРАСЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ИШКЕ БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.