Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,062 Бардыгы / АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иран кызматына берген маегинде Ирандагы терактка АКШ менен Израилдин тиешеси жок экенин билдирди. 13-февралда Ирандагы теракттан 40тан ашык адам, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери мерт болгон. Теракт Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Систан провинциясынын Чабахар шаарындагы аскер базасынын жанында болгон. Бийликтин маалыматы боюнча Ислам революциясынын […]
1,063 Бардыгы / АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иран кызматына берген маегинде Ирандагы терактка АКШ менен Израилдин тиешеси жок экенин билдирди. 13-февралда Ирандагы теракттан 40тан ашык адам, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери мерт болгон. Теракт Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Систан провинциясынын Чабахар шаарындагы аскер базасынын жанында болгон. Бийликтин маалыматы боюнча Ислам революциясынын […]
МАЙК ПОМПЕО: «ИРАНДАГЫ ТЕРАКТКА АКШНЫН ТИЕШЕСИ ЖОК»
15.02.2019 / Автор aymak1,064 Бардыгы /
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иран кызматына берген маегинде Ирандагы терактка АКШ менен Израилдин тиешеси жок экенин билдирди. 13-февралда Ирандагы теракттан 40тан ашык адам, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери мерт болгон.
Теракт Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Систан провинциясынын Чабахар шаарындагы аскер базасынын жанында болгон. Бийликтин маалыматы боюнча Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мүчөлөрү бараткан автобуска жанкечти-террорчу кол салган. Анын жыйынтыгында 20дан ашык аскер кызматкери жана бир нече жай тургун мерт болгон. Мындан тышкары дагы 20 адам жаракат алган.
Ирандын ТИМ башчысы Мохаммад Жавад Зариф «Твиттер» баракчасына Ирандагы теракт бекеринен Варшавада башталган Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык конференция ачылган күнү болбогонун жазды. Ал жыйынга 60 өлкө, анын ичинде Израиль, АКШ жана араб өлкөлөрү катышууда. Анда АКШ делегациясынын курамында Майк Помпео дагы бар.
Помпео «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иран кызматына берген интервьюсунда «АКШнын бул терактка эч кандай тиешеси жок экенин» белгиледи.
«Көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Жавад Зариф менен жолуккан. Ал өзүн токтоо саясатчы деп жүрөт. Бирок анын бул билдирүүсү — таптакыр токтоолукка жатпайт. Адам өлтүрүүгө америкалыктар менен израилдиктерди айыптоо — бул эч кандай токтоо позиция эмес. Бул Зариф менен президент Рухани – Ирандын башка лидерлериндей эле радикал экенин көрсөтүп турат», — деди Помпео.
Ал ошондой эле качандыр бир кезде Иран азыркыдай башкаларга коркунуч туудурган «радикалдуу» өлкө болбой калат деген үмүтүн билдирди. Мамлекеттик катчынын айтымында, Тегерандын саясий багыты сырткы таасирлерден улам эмес, өзүнүн ичинде өзгөрүшү керек.
«Коалиция биримдикте жана Ирандан келип жаткан коркунуч реалдуу деген жыйынтыкка келди. Мындай пикирди жайгашкан аймагына карабастан бардык өлкөлөр айтышты. Бул коркунучка кандай реакция кылуу керектиги боюнча пикирлер ар кандай болуп жатат. Бирок биз дагы деле Ирандын мындай аракети өлкөнүн өзүнүн жашоочуларынын жардамы менен өзгөрүшү керек деп эсептейбиз. Ирандын жашоочуларынын үнү угулушу керек. Алар (ирандыктар) үндөрүн уккандай кылып, бийликти, укуктарын коргоп калышат. Ирандын эли — акылдуу, жөндөмдүү адамдардан турат. Алардын артында тарыхтын көптөгөн кылымдык тажрыйбасы бар. Алар өз өлкөсүн башкара алышат. Ошондо бүтүндөй Жакынкы Чыгыш кыйла коопсуз аймакка айланып, Ирандын өзүнүн жашоочулры үчүн коопсуздук орнойт», — деди мамлекеттик катчы.
«Биз ал адамдарды Ирандын ичинде колдоо үчүн болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Алардын эртеби-кечпи өздөрү көптөн бери каалап келгендей жашоого жетишине тилектешпиз. Анда Жакынкы Чыгыштын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн жашоочулары үчүн коркунуч болбошу керек», – деди Помпео.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
06.11.2023 / Автор anarkan_kg МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СӨЗ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА ЭКИ НӨӨМӨТ МЕНЕН ИШТЕГЕН БАЛА БАКЧАЛАР АЧЫЛАТ
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg ТҮРМӨДӨ МАҢЗАТ САТЫЛАТ!
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.