Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,630 Бардыгы / «Фейсбук» социалдык түйүнүнө мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланды. Анда «Токтакунов 2010-жылдагы Ош окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар экени жана психикалык жактан жабыркай турганы» айтылган. Адвокат өзү муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитет (УКМК) атайын жасаганын айтууда. Жарандык коом өкүлдөрү болсо бийликти «адамдын жеке жашоосуна кийлигишип, анын беделин […]
1,631 Бардыгы / «Фейсбук» социалдык түйүнүнө мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланды. Анда «Токтакунов 2010-жылдагы Ош окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар экени жана психикалык жактан жабыркай турганы» айтылган. Адвокат өзү муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитет (УКМК) атайын жасаганын айтууда. Жарандык коом өкүлдөрү болсо бийликти «адамдын жеке жашоосуна кийлигишип, анын беделин […]
ТОКТАКУНОВ: МЕНИ КАРАЛАГАН ТАСМАНЫН АРТЫНДА БИЙЛИК ТУРАТ
21.02.2019 / Автор aymak

1,632 Бардыгы /
«Фейсбук» социалдык түйүнүнө мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланды. Анда «Токтакунов 2010-жылдагы Ош окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар экени жана психикалык жактан жабыркай турганы» айтылган.
Адвокат өзү муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитет (УКМК) атайын жасаганын айтууда. Жарандык коом өкүлдөрү болсо бийликти «адамдын жеке жашоосуна кийлигишип, анын беделин түшүрүүгө аракет кылып жатат» деп сындап чыгышты.
Нурбек Токтакуновго байланыштуу эки мүнөттөн ашыгыраак тасма 19-февралда «Фейсбукка» жарыяланды. Анда адвокатка окшош адамдын жеке жашоосу жашыруун тартылган видеону көрүүгө болот. Нурбек Токтакунов «Азаттык» радиосуна бул тасманын артында бийлик турганын айтып, аны жактоочулук ишине байланыштырды.
«Бул УКМКнын иши. Алар мени атайын эле шантаж кылып, “унчукпай отур” деп белги берип жатат. Бирок алардын жеке жашоомо кийлигишүүгө кандай акысы бар? Видеону таратып жаткан аккаунттар, “Компромат.kg” деген баракчалардын баары ушулардын көзөмөлүндө турган маалымат ресурстары. Бийлик ушуну менен өзүнүн жүзүн көрсөттү. Буга чейин баары эле “азыркы бийликтегилер таза кишилер” деп айтып жатышкан. Мына, кандай экени көрүндү. Мен адам укугу, адамдын эркиндиги, сөз эркиндиги үчүн иштейм. Бул чет өлкөнүн кызыкчылыгыбы же биздин мамлекеттин кызыкчылыгыбы?», — деди ал.
Токтакунов Бишкек – Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Ал ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимди ратификация кылып бергени үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын саясий жана укуктук жоопкерчилиги бар экенин айтып жүрөт. Адвокат парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековду жана тиешелүү комитеттердин жетекчилерин да жоопко тартууну талап кылууда. Ал Интернетке чыккан тасманын жарыяланышы дал ушул ЖЭБ маселесине байланыштуу деп эсептейт.
Нурбек Токтакунов атайын кызматка каршы сотко арызданбай турганын айтып, муну сот бийлигине ишенбегени менен түшүндүрдү.
Нурбек Токтакунов былтыр «Фейсбуктагы» баракчасына «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттардын тизмесин жарыялаган.
www.
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ““УЛУУ ЖЕҢИШКЕ – 80 ЖЫЛ” ДЕГЕН КҮМҮШ МОНЕТА ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫКТЫ
-
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.