Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,104 Бардыгы / 27-февралда АКШнын президенти Дональд Трампка узак жылдар бою жеке юрист болуп иштеген Майкл Коэн Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетинде көрсөтмө берди. Америкалык мыйзам чыгаруучулар Трамптын шайлоо командасынын Орусия менен байланышын билүүнү максат кылууда. Бир күн мурда Коэн Сенаттын Чалгын комитетиндеги угууларга катышкан. Азыр Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетинде ачык сурак берип […]
1,105 Бардыгы / 27-февралда АКШнын президенти Дональд Трампка узак жылдар бою жеке юрист болуп иштеген Майкл Коэн Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетинде көрсөтмө берди. Америкалык мыйзам чыгаруучулар Трамптын шайлоо командасынын Орусия менен байланышын билүүнү максат кылууда. Бир күн мурда Коэн Сенаттын Чалгын комитетиндеги угууларга катышкан. Азыр Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетинде ачык сурак берип […]
ТРАМПТЫН МУРДАГЫ ЮРИСТИ ПРЕЗИДЕНТТИ “ЖАЛГАНЧЫ” ДЕП АТАДЫ
28.02.2019 / Автор aymak

1,106 Бардыгы /
27-февралда АКШнын президенти Дональд Трампка узак жылдар бою жеке юрист болуп иштеген Майкл Коэн Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетинде көрсөтмө берди.
Америкалык мыйзам чыгаруучулар Трамптын шайлоо командасынын Орусия менен байланышын билүүнү максат кылууда. Бир күн мурда Коэн Сенаттын Чалгын комитетиндеги угууларга катышкан. Азыр Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетинде ачык сурак берип жатат. Сөзүнүн башында Коэн Трамптын юристи болгонуна өкүнөрүн билдирип, президентти “шылуун, жалганчы жана расист” деп атады.
Мындан тышкары жакында камакка алынган президенттин саясий кеңешчиси, шайлоо штабынын башчысы Рожер Стоун Демократиялык партиянын электрондук каттары жарыяланардын алдында “WikiLeaks” сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж менен байланышканын, алар интернетке чыгып кетсе, Хиллари Клинтондун шайлоо кампаниясы зыянга учурашы мүмкүндүгүн Трампка кабарлаганын айтты. Бирок Трамп каттардын жарыяланганы жакшы болорун айтканын белгиледи.
– Трамптын мыйзамга каршы аракеттерин жашырууга аралашканыма уялам. Трамптын кандай адам экенин билген адам катары бул мен үчүн уят. Ал расист. Ал шылуун. Ал жалганчы.
Коэндин сөзүнө караганда, Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Москвадагы “Trump Tower” долбоору боюнча жасалып жаткан иштерди да билген, аларды башкарган, бирок кийин бул тууралуу жалган сүйлөгөн.
52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12 -декабрда салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылып, үч жылга түрмөгө кесилген. Ошондой эле ал Конгресске Трамптын Орусиядагы мурдагы бизнес пландары боюнча жалган маалымат берген. Коэн бул эки иште тең күнөөлүү экенин моюнга алган.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Вьетнамда жолугушууда жүргөн Трамп Коэн Конгрессте көрсөтмө берери тууралуу маалыматтар чыкканда “Твиттерде” дароо жооп кайтарып, аны “абактагы мөөнөтүн кыскартыш үчүн калп айтып жатат” деп айыптады.
Майкл Коэндин Трамптын белгисиз болуп келген жеке жана чуулгандуу иштери, бизнестери тууралуу айткандары “тарыхый окуя” катары бааланууда.
www…
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
24.11.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 8 КӨМӨК ЧОРДОНДУН КУБАТТУУЛУГУ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ
-
19.01.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 7 КӨМӨК ЧОРДОНДУН КУБАТТУУЛУГУ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.