Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,624 Бардыгы / Качан баш бакпаңыз, Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт. Кеңсенин тардыгына карабастан аталган мекеменин кызматкерлери зарыккан жарандарды ыкчам жана маданияттуу гана тейлеп жатышат. – Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө зарыкканда кайрылгандарды жылуу-жумшак тейлегенге бул жерде дегеле мүмкүн эмес! Карасаңар, бөлмөлөрү өтө эле тар. Эгерде кардарлар абдан көп баш […]
2,625 Бардыгы / Качан баш бакпаңыз, Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт. Кеңсенин тардыгына карабастан аталган мекеменин кызматкерлери зарыккан жарандарды ыкчам жана маданияттуу гана тейлеп жатышат. – Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө зарыкканда кайрылгандарды жылуу-жумшак тейлегенге бул жерде дегеле мүмкүн эмес! Карасаңар, бөлмөлөрү өтө эле тар. Эгерде кардарлар абдан көп баш […]
АРАВАН РАЙОНДУК ПАСПОРТ БӨЛҮМҮ ЗАМАНБАП ИМАРАТКА МУКТАЖ
07.03.2019 / Автор aymak

2,626 Бардыгы /
Качан баш бакпаңыз, Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт. Кеңсенин тардыгына карабастан аталган мекеменин кызматкерлери зарыккан жарандарды ыкчам жана маданияттуу гана тейлеп жатышат.
– Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө зарыкканда кайрылгандарды жылуу-жумшак тейлегенге бул жерде дегеле мүмкүн эмес! Карасаңар, бөлмөлөрү өтө эле тар. Эгерде кардарлар абдан көп баш багышса, мына сага кезек күтмөй… Бирок, ошого карабастан аталган мекеменин кызматкерлери биздин ар бирибизге маданияттуу гана мамиле жасап келатышат. А түгүл маселелерибизди ыкчам жана оң чечип дагы жатышат, – деди Араван районундагы Нурабад кыштагынын тургуну Калыскан МУРАДОВА.
– Ушундай катаал шартта деле мыкты иштешип, элге кынтыксыз кызмат көрсөтүп жатышкандарга, албетте, алкыштан башка айтаар сөзүбүз жок! – деп кепке кошулду Араван районундагы Араван кыштагынын жашоочусу Музафар МАШАРОПОВ. – Айрыкча кышындасы кардарлар эшикте суукта узакка туруп калып жатышат. Анткени, кардарлар абдан эле арбын. Анткени, паспортун жоготкондор, жаңылагандар, анан дагы аты-жөнүн өзгөрткөндөр ушул тапта абдан эле көп. Дагы кошумчалай турган жагдай: Араван райондук жарандык актылардын абалын каттоо (ЗАГС) бөлүмү башка жерде экен. Элди ушинтип ар жакка убара чектирбестен, ЗАГСты жана паспорт бөлүмүн бир эле жайга жайгаштырышса, анык соопко калышмак.
Дал ушундай суроо-сопкуттан соң Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Нуржан МАРАЖАПОВАга дагы атайын жолугуп, анын өзүнөн соболдорубузга жооп издедик.
– Жашыргандан не пайда. Биздин жумушчу бөлмөлөрүбүз абдан эле тар жана ыңгайсыз. Мындайча айтканда, заманбап эмес, эй! – деп агынан жарылды Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Нуржан МАРАЖАПОВА. – Мына ошого карабастан келгендерди бүт нааразы кылбастан гана тейлеп жатабыз. Колубузда Мамлекеттик Актысы деле бар. Мобул жерге эки-үч кабаттуу заманбап имарат курулмак. Биздин мекеме жана райондук ЗАГС, ошондой эле архив бүт ошол жакка көчүрүлмөк. Тилекке каршы. каражат гана кендирди кесип, ошол имарат эмдигиче дагыле тикеленбей турат. Мына, ушундай олуттуу кыйынчылыктарга карабастан, биздин мекемедеги документтештирүү түйүнүн бүт интернетке туташтырып, баарын тең автоматташтырдык. Эгерде жаңы конушка жайланышсак, шартыбыз азыркыдан дагы улам жакшырып, жарандарды мындан дагы ыкчам жана маданияттуу тейлөөбүз ого бетер сонун нукка салынмак.
Баса, азыркы Президентибиз Сооронбай Жээнбеков бир кезде Ош облусун дагы жетектеген. Демек, Араван райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн ар бир көйгөйүн дагы абдан жакшы билет. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында аравандыктардын жүрөгүн өйүткөн бул маселени чукул арада жайгарууга мамлекет башчысы жакындан жардамдашат деген үмүт абдан чоң.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Араван району
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
05.06.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА “МЕКЕН АРТЫК ӨМҮРДӨН” АТТУУ КОНЦЕРТ ӨТТҮ
-
13.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ЖЕРГЕСИ СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАНА МАШЫКТЫРУУЧУЛАРЫНА ӨЛӨ МУКТАЖ!
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН ИДПсы КҮМӨН ГАНА ЖАРАТАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.