Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,017 Бардыгы / Жалал-Абадда өткөн жылдан бери инфраструктуралык курулуш иштеринин көлөмү көбөйдү. Бирок, ал иштерге түздөн-түз жооптуу болгон мэрдин коммуналдык иштер боюнча орун басарынын кызмат орду беш айдан бери бош турат. Кызматта иштеп турган Урматбек Маматов курулуш иштери аябай кызып турган күз айында өз арызы менен кызматтан кеткен. Шаар мэри Мураталы Тагаев өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен […]
2,018 Бардыгы / Жалал-Абадда өткөн жылдан бери инфраструктуралык курулуш иштеринин көлөмү көбөйдү. Бирок, ал иштерге түздөн-түз жооптуу болгон мэрдин коммуналдык иштер боюнча орун басарынын кызмат орду беш айдан бери бош турат. Кызматта иштеп турган Урматбек Маматов курулуш иштери аябай кызып турган күз айында өз арызы менен кызматтан кеткен. Шаар мэри Мураталы Тагаев өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА БЕШ АЙДАН БЕРИ МЭРДИН ОРУН БАСАРЫ ЖОК
14.03.2019 / Автор aymak

2,019 Бардыгы /
Жалал-Абадда өткөн жылдан бери инфраструктуралык курулуш иштеринин көлөмү көбөйдү. Бирок, ал иштерге түздөн-түз жооптуу болгон мэрдин коммуналдык иштер боюнча орун басарынын кызмат орду беш айдан бери бош турат. Кызматта иштеп турган Урматбек Маматов курулуш иштери аябай кызып турган күз айында өз арызы менен кызматтан кеткен.
Шаар мэри Мураталы Тагаев өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен инфраструктуралык курулуш иштерине 147 миллион сом бөлүнгөнүн жар салып, шаардын ийгилиги катары айтып келгени менен ага түз жооптуу орун басарынын жоктугу коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Шаардык кеңештин депутаттары менен коомчулуктун өкүлдөрү муну аткаруу бийлигинин олуттуу кемчилиги деп баалашууда.
Ал эми коммуналдык маселелер боюнча вице-мэрдин кызматтан кеткенине мэрдин биринчи орун басары болуп партиялашы, шаардык кеңештеги “Өнүгүү- Прогресс” фракциясынын лидери дайындалып, иштеп калышы себеп болгон. Бир эле партиядан бир эле убакта мэрдин эки орун басары чогуу иштегенге болбойт эле. Деген менен, өткөн жылы Жалал-Абад шаардык кеңеши аткаруу бийлигинин сунушу менен шаар тарыхында биринчи жолу курулуш тармагына 147 миллион сом бөлгөн, көптөгөн инфраструктуралык курулуш иштери пландалган. Бирок, бул иштерге түздөн-түз жооптуу болгон орун басардын кызмат орду ушунча убакыт бош турганы шаардын коомчулугу үчүн түшүнүксүз бойдон калууда. Мэриянын айрым чиновниктеринин айтымында, орун басардын иштешине анчалык деле зарылчылык болгон эмес, бардык ишти шаар башчысы башка орун басарлары менен жүргүзө берген.
Мындай абалды шаардык кеңештин депутаттары сынга алышууда. Депутат Шайырбек Ташиевдин айтымында, быйылкы жылы бүткөрүлө турган курулуш иштери көп пландалып, ага бюджеттен кыйла каражаттар берилип жатат, бирок аны көзөмөлдөөчү вице-мэр алиге чейин дайындала элек. Мындай абал шаар башчыларынын зарыл учурда жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Анткени курулуш иштеринде кемчиликтер болуп калса, шаар башчылары тийиштүү орун басардын жоктугуна шылтап коюулары ыктымал. Коомчулуктун өкүлдөрү да шаарда курулуштарга байланышкан көп кемчиликтер, көйгөйлөр орун алып келгенин айтышат. Укук коргоочу Абдиназар Маматисламовдун айтымында, шаар тургундары коммуналдык маселелер боюнча кайрылшы керек болгон, даттанып бара турган кызмат адамынын жоктугу карапайым кишилерди түйшүккө салууда. А мүмкүн бул жерде коррупция да орун алгандыр дейт ал. Себеби, бул курулуш иштерине көптөгөн каражаттар бөлүнөт, балким ошону үчүн да кимдир-бирөөлөргө түздөн-түз жооп берүүчү жетекчинин жок болуп турганы жагымдуудур.
Чынында эле өткөн жылы Жалал-Абад шаарында курулуш иштери көп пландалган, жер асты өтмөгү курулуп, эки чоң көчө кеңейтилген. Бир катар тротуарлар оңдолуп, курулган. Курулуш иштеринин көлөмү 147 миллион сомго пландалганы менен анын 67 миллион сомдук иштери аткарылбай кала берди. Ал эми ага түз жооп берүүчү мэрдин орун басарынын орду 5 айдан бери бош турат. Эми бул маселени журналисттер көтөрүп чыккан соң, шаар мэри тийиштүү орун басардын жакынкы убактарда дайындаларын билдирди. Деген менен, бул Жалал-Абад шаарынын мэриясындагы бош кызмат орду боюнча жалгыз гана мисал эмес. Өткөн жылы күздө шаар мэриясынын аппарат жетекчиси да кызматтан кетип, анын орду да бир нече айлар бою бош турган. Жакында гана бул кызматка жаңы кызматкер дайындалды.
Жалил САПАРОВ
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
20.08.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫК 4 ТАСМА КАЗАКСТАНДАГЫ КИНОФЕСТИВАЛДА КӨРСӨТҮЛӨТ
-
28.08.2024 / Автор anarkan_kg СУЗАК ОКРУГУ БОЮНЧА КР ЖК ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО АЯКТАДЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.