Аймак

ЭАУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН СҮМӨЛӨК ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШТЫ

ЭАУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН СҮМӨЛӨК ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШТЫ

 2,121 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” фольклордук талаасында Кыргызстан боюнча алгачкы ирет Сүмөлөк фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматынан билдиришти.

 

Аталган фестиваль Жалал-Абад шаарынын мэриясынын демилгеси жана уюштуруусу менен өткөрүлдү. Фестивалда 40 кыргыз үй тигилип, 40 казан сүмөлөк даярдалды. Фестивалга катышкан шаардык уюм-мекемелердин ичинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) жамааты жана студенттери да болду. ЭАУ жамааты кыргыз үй тигип, сүмөлөк даярдады. Муну менен бирге, спорттун улуттук түрлөрүн, т.а. таяк тартмай, тогуз коргоол, топ таш, көрсөтүп, улуттук фольклордон бир катар концерттик номерлерди да фестивалдын катышуучуларына, конокторуна сунуштады.

ЭАУнун дастарконунан шаардын аксакалдары, жетекчилиги да даам сызышты. Сүмөлөк фестивалы, жазгы жамгырга карабай, абдан жакшы өттү. Фестивалда европалык, түркиялык, индиялык меймандар да болушту. Кудай буйруса, мындай фестивалдарды өткөрүү республикабыз боюнча салттуу көрүнүштөрдөн болмокчу. Мындай фестивалдарды өткөрүп туруу менен Кыргызстанга туристтердин агымын арттырабыз.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17