Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,625 Бардыгы / Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги кырдаал боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшкөнүн билдирди. Абылгазиев өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматтарынын жетекчилери кечээ, 4-апрелде казак премьер-министринин кабинетинде маселени талкуулашканын жана туура чечимге келишкенин айтты. – Кээ бирлер бизди «унчукпай жатат» деп […]
1,626 Бардыгы / Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги кырдаал боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшкөнүн билдирди. Абылгазиев өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматтарынын жетекчилери кечээ, 4-апрелде казак премьер-министринин кабинетинде маселени талкуулашканын жана туура чечимге келишкенин айтты. – Кээ бирлер бизди «унчукпай жатат» деп […]
АБЫЛГАЗИЕВ: «АК-ТИЛЕК» ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИНДЕГИ МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕТ
05.04.2019 / Автор aymak

1,627 Бардыгы /
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги кырдаал боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшкөнүн билдирди.
Абылгазиев өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматтарынын жетекчилери кечээ, 4-апрелде казак премьер-министринин кабинетинде маселени талкуулашканын жана туура чечимге келишкенин айтты.
– Кээ бирлер бизди «унчукпай жатат» деп айтып жатышат. Унчукпай, сүйлөшүүлөр менен чечилчү айрым экономикалык маселелер, абдан кылдат мамиле кылчу маселелер бар. Өкмөт аны карап, байкоочу болуп турган жери жок. Биз өз деңгээлибизде иштеп атабыз. Кудай буюрса бул чечилет. Муну биз Евразия Экономикалык Биримдигиндеги комиссиянын төрагасы менен да сүйлөштүк. Бүгүн, эртең туура чечимге келебиз деген ойдомун, – деди Абылгазиев.
Бул арада Казакстандын бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мыйзамдарын сактап жатканын, ошол эле учурда товар ташууда эрежелерди сактоону талап кыларын билдирди. Өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов бул тууралуу 5-апрелдеги басма сөз жыйынында айтты.
Рахимов «товар Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда салыктар да Казакстанда төлөнүшү керек» деп жатат. Ошол эле учурда ал «транзит аркылуу Орусияга өтөт» деген кээ бир товарлар Казакстандын базарында калып жатканын белгилөөдө.
– Кыйыр салык алуу маселеси анык, абдан чоң жана чечилбей калып жатат. Экинчи жагдай товар-транспорттук документтерге байланыштуу. Ал жерде бир товар көрсөтүлөт, аныгында башка товар. Саны, баасы, көлөмү азайтылып көрсөтүлүүдө, – дейт Рахимов.
«Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.
Буга казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортту өткөрүп жатканы себеп болууда. Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
16.03.2026 / Автор anarkan_kg «МАКМАЛ ГОЛД КОМПАНИ» 120 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
-
-
18.09.2025 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫ ӨЛКӨНҮН БОРБОРУ БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?
-
-
04.11.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ ЖАЛЫНДУУ, БИРОК ӨРТСҮЗ ӨТКӨРӨЛҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.