Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4,236 Бардыгы / Өзгөн шаарынын жаңыдан шайланган мэри Мухтар ХАЛМАТОВ ишин баштады. Аны жумуш үстүндө капыл-тапыл кепке тартып, калаа бюджетин көтөрүү, олуттуу социалдык көйгөйлөрдөн чукул арада арылуу, эң байыркы аймакты туризм Меккесине айлантуу жаатында ачык-айкын сүйлөштүк. – Мухтар мырза, азыр эле Өкмөттөгү жыйындан бошодуңуз. Ал жерде деги эмнелерди сүйлөштүңүздөр? – Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында […]
4,237 Бардыгы / Өзгөн шаарынын жаңыдан шайланган мэри Мухтар ХАЛМАТОВ ишин баштады. Аны жумуш үстүндө капыл-тапыл кепке тартып, калаа бюджетин көтөрүү, олуттуу социалдык көйгөйлөрдөн чукул арада арылуу, эң байыркы аймакты туризм Меккесине айлантуу жаатында ачык-айкын сүйлөштүк. – Мухтар мырза, азыр эле Өкмөттөгү жыйындан бошодуңуз. Ал жерде деги эмнелерди сүйлөштүңүздөр? – Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында […]
МУХТАР ХАЛМАТОВ: «ӨЗГӨН ШААРЫН ТУРИЗМ МЕККЕСИНЕ АЙЛАНТАБЫЗ!»
07.05.2019 / Автор aymak

4,238 Бардыгы /
Өзгөн шаарынын жаңыдан шайланган мэри Мухтар ХАЛМАТОВ ишин баштады. Аны жумуш үстүндө капыл-тапыл кепке тартып, калаа бюджетин көтөрүү, олуттуу социалдык көйгөйлөрдөн чукул арада арылуу, эң байыркы аймакты туризм Меккесине айлантуу жаатында ачык-айкын сүйлөштүк.
– Мухтар мырза, азыр эле Өкмөттөгү жыйындан бошодуңуз. Ал жерде деги эмнелерди сүйлөштүңүздөр?
– Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында Кыргызстандын бардык шаарларынын мэрлери бир жылдык жана беш жылдык план-программаларыбызды орой-чарай кеп кылдык. Бул аркылуу калк турмушун бара-бара жакшыртып, өлкө экономикасын дагы мындан ары туруктуу өйдөлөтүү жагын абдан катуу сүйлөштүк.
– Маселен, Сиз өзүңүз Өзгөн шаарынын шартында эмнелерди убадаладыңыз? Бул Кыргыз Өкмөтүн кезектеги алдоо жана элдин көзүн будамайлоо эмеспи?
– Жо-жок! Биринчиден, өлкөбүздү кара таандай каптаган көмүскө экономиканы жок кылууга эми биротоло ыктайбыз. Муну үчүн жергиликтүү ишкерлерге бир катар жеңилдиктер дагы каралды. Маселен, ыксыз текшерүүлөр мындан ары дээрлик тыйылат. Экинчиден, Өзгөн шаарында дагы жаңы жана заманбап ишканаларды ачууга кириштик. Мисалы, Кара-Шоро суусундугун чыгаруучу чакан заводду чукул арада жумушка түшүрөбүз. Муну Жалал-Абад минералдык суусундай эле бара-бара бүт өлкөгө кең-кесири жайылтмакчыбыз. /чүнчүдөн, айтылуу Өзгөн күрүчүн дагы катуу жарнамалап жана даңазалап, аны байма-бай четөлкөлөргө экспорттоо аракетибиз күч. Муну үчүн бул мыкты күрүчтү чакан баштыкчаларга салып, тышкы рынок талабына бекем ылайыкташтырып, анан ошол тейде чет өлклөрдө дагы байма-бай соодалоо аракетиндебиз.
– Айтмакчы, буга деги кудуретиңиздер жетеби? Анан калса шаар бюджетин көтөрүүнүн мындан башка аргасын эч таппадыңыздарбы?
– Албетте, башка деле аргасы бар. Маселен, Өзгөн шаары – Борбор Азиядагы гана эмес жалпы эле Түрк дүйнөсүндө дагы эң эле байыркы калаа. Көрдүңүз го. Тарыхый-архитектуралык баалуулуктарга өтө бай. Баарынан кызыгы:Өзгөн шаары тээ он биринчи кылымда кудуреттүү Караханид каганатынын ири борборуна – илим-билим, маданият, архитектура, кол өнөрчүлүк жана соода-сатык очогуна айланган. Мобул Өзгөн Мунарасы, Ислам Ааламынын атактуу аалымы жана укукчусу Абу Бакр Мухаммед бин Абу Сахл Ахмед аль-Сарахсинин күмбөзү жана Түштүк Мавзолейи өзүнчө эле керемет!
Чындыгында, атайын ажайып жана тарыхый жайларыбызды көрөлү деп эңсегендер Жер шаарынын булуң-бурчунда толтура. Ошондуктан, Өзгөн шаарын бара-бара туризм Меккесине айлантмакчыбыз. Бул аркылуу,биринчиден, калаа бюджетине оңбогондой каражаттар түшөт. Экинчиден, Өзгөн шаары дагы бул аркылуу дүйнө жүзүнө кайрадан даңазаланат. /чүнчүдөн, бул чөлкөмгө байма-бай агылган туристтердин катары дагы жыл өткөн сайын улам калыңдайт.
– Мухтар мырза, канетсе дагы байыркы Өзгөн шаарындагы археологиялык жана архитектуралык табылгалар ушул тапта таптакыр эле эскирип бүтпөдүбү. Баары тең өзүнчө жана заманбап реставрацияга (жаңылоого) муктаж экендиги талашсыз?
– Ооба. Туура баамдапсыз. Албетте, өзүбүз жалгыз бул иштердин бардыгын эптей албайбыз. Ага чама-чаркыбыз деле жетпейт. Ошондуктан, БУУ, БУУнун Өнүктүрүү Программасы, ЕККУ, ЮНЕСКО өңдөнгөн Эл аралык Уюмдарга катарынан кайрылганбыз. Булар ушул тапта бизге абдан катуу каралашып жатышат. Маселен, айтылуу Өзгөн Мунарасын реставрациялооону (баштапкы кейпин эч бузбастан толук кандуу калыбына келтирүүнү) башташты. Анткени, бул чоң Мунаранын түштүк тарабындагы күмбөздөргө Караханид Династиясынын өкүлдөрүнүн сөөктөрү кырыдата коюлган. Баарынын тең эскилиги жетип, а түгүл түсү дагы өзгөрүлүп, чекесинен урай баштады эле…
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Өзгөн шаары
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА ЖОГОРКУ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СЕЛ КАПТАГАН ЖОЛДОР ТАЗАЛАНДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ НООКАТТАГЫ СЕЛДИН СЕБЕПТЕРИН АТАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.