Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

 1,374 Бардыгы /

Бүгүн 21-май күнү Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү К.Сатыбалдиев ӨКМдин өрткө каршы кызматынын куткаруучуларына сыйлык тапшырды.

2019-жылдын 10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Кыргыз-Өзбек-Азербайджан” нефтини кайра иштетүүчү ЖЧК ишканасынан чыккан өрт кырсыгын өчүрүүдө өз өмүрлөрүн тобокелге салып, көрсөткөн эрдиги, тайманбастыгы жана кайраттуулугу үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закиров менен кошо Жалал-Абад шаары, Сузак району, Ноокен району боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлерин Ардак грамота жана алкыш баракчалар менен сыйлады.

“Сиздер тилсиз жоону өчүрүүдө өмүрүңүздөрдү тобокелге салып, жан аябай иштедиңиздер. Сиздерге чын дилимден ыраазы болдум, жалпы эл ыраазы болду. Өрттү убагында өчүрүүгө ашыгып, өзүңүздөрдүн тайманбастыгыңыздарды дагы бир жолу далилдедиңиздер. Сиздердин ары мээнеттүү, ары түйшүктүү жумушуңуздарга ийгиликтерди каалайм”-деп белгилеген облус башчы кызматкерлерге алкыш айтып, ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 10-май күнү Жалал-Абад шаарынын Индустриальная көчөсүндө жайгашкан  “КУА ЖНПЗ” (Кыргыз-Өзбек-Азербайжан) ЖЧКга караштуу мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт кырсыгы катталып, ага ӨКМден 182 кызматкер тартылган. Өрттү өчүрүү убагында 2 адам денелеринен күйүк алып, областтык ооруканага жеткирилген. Өрт кырсыгы кечки саат 17:25те курчоого алынып, 11-майына өткөн түнү саат 00:17де өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17