Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,848 Бардыгы / Акыркы мезгилде өлкөбүз аймагында, жер-жерлерде, эл арасында ВИЧ- СПИД, кургак учук ооруларына кабылган жарандарыбыз жок эмес. Бул багытта кабарчыбыз Сузак райондук П.Хайватов атындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда болуп, жетекчиси Замира Орунбаевадан маалымат алган. -Сузак райондук үй-бүлѳлүк медициналык борборунун структуралык бѳлүмүндѳ: 1 консультативдик диагностикалык бѳлүм, 20 ҮДТ, 31 ФАП, 4 медициналык тез жардам пункт […]
1,849 Бардыгы / Акыркы мезгилде өлкөбүз аймагында, жер-жерлерде, эл арасында ВИЧ- СПИД, кургак учук ооруларына кабылган жарандарыбыз жок эмес. Бул багытта кабарчыбыз Сузак райондук П.Хайватов атындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда болуп, жетекчиси Замира Орунбаевадан маалымат алган. -Сузак райондук үй-бүлѳлүк медициналык борборунун структуралык бѳлүмүндѳ: 1 консультативдик диагностикалык бѳлүм, 20 ҮДТ, 31 ФАП, 4 медициналык тез жардам пункт […]
Замира ОРУНБАЕВА:“ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ЖАЛПЫ БИРГЕЛИКТЕ КҮРѲШСѲК, ЖЕҢЕБИЗ!”
01.07.2019 / Автор aymak

1,850 Бардыгы /
Акыркы мезгилде өлкөбүз аймагында, жер-жерлерде, эл арасында ВИЧ- СПИД, кургак учук ооруларына кабылган жарандарыбыз жок эмес. Бул багытта кабарчыбыз Сузак райондук П.Хайватов атындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунда болуп, жетекчиси Замира Орунбаевадан маалымат алган.
-Сузак райондук үй-бүлѳлүк медициналык борборунун структуралык бѳлүмүндѳ: 1 консультативдик диагностикалык бѳлүм, 20 ҮДТ, 31 ФАП, 4 медициналык тез жардам пункт бар. Калкыбыздын саламаттыгын чыңдоо боюнча кызмат кѳрсѳтүүдѳ негизинен аймагыбыздагы 213 миң 604 атуулга ѳзгѳчѳ, алгачкы жардамдарды берип келебиз. Эмгек жамаатыбызда ѳз кесибин мыкты билген тажрыйбалуу адистер эмгектенишет. Коомдо, жумушта бардыгы бекем ынтымакта биргеликте болуп, калктын саламаттыгын чыңдоодо үзүрлүү эмгектенип келишет. Бүгүнкү күндѳ калкыбызга медициналык, санитардык жардамдарды кѳрсѳтүүдѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн мамлекеттик кепилдиктер программасынын негизинде көрсөтүлгөн шартта иш жүргүзүлүүдө. Аталган программа боюнча тендер даярдалып, бардык медициналык мекемелерде атайын көрнөктөр илинген.
Ѳкмөттүн токтому менен 2012-жылы чыгарылган “Ден соолук” программасы боюнча иш алып барууда жүрөк-кан тамыр, кургак учук, ВИЧ/СПИД ооруларына каршы күрөшүү, эне-баланын өлүмүн кыскартуу иштери колдоого алынып, өзгөчө көңүл бурулган. ВИЧ/СПИД илдетине чалыккан жарандардын укуктары жана илдеттердин алдын алуу боюнча иштер аткарылууда. Маалыматка токтолсок, 2019-жылдын 3 айындагы жыйынтыгы боюнча Сузак районунда 231жаран ВИЧ илдетке чалдыккандыгы катталган. Жыныстык жол менен жугуусу аркылуу илдетке чалдыккандардын саны 74,5 пайызды түзгөн. Аялдар арасында аталган илдетке чалдыккандардын жыныстык жолу менен жугуусу, эл арасында көбөйүшү, калк арасында айрым бир аялдардын кооптуу жүрүм-турумуна жана тышкы жана ички миграциянын таасири чоң болгондуктан оорулардын алдын алууда, илдеттерди болтурбоо үчүн калкыбызга түшүндүрүү иштерди жүргүзүү күчөтүлгөн аракетте иш алып барылууда. Ал эми кургак учук оорусун алдын алуу боюнча дагы калк арасында түшүндүрүү иштерине көңүл бөлгөнбүз.
Кургак учукка каршы күрөшүүдө 2017-жылдан бери дарылоодо, жеңил түрлөрүн, үйүндө амбулатордук дарылоо жолго коюлган. Бүгүнкү күндө район боюнча 1023 бейтап диспансердик көзөмөлдө болуп дарыланышууда. Бул оору тукум куубайт, андан бейтаптар айыкса болот. Бул багытта жер-жеринде атуулдарга түшүндүрүү иштери алып барылууда. Заманбап диагностика жана дарылоону эртелеп баштоо кургак учуктун ийгиликтүү дарылоонун кепили деп айтсак жаңылбайбыз.
Кургак учукту амбулатордук дарылоо оорулуунун күндөлүк жашоосун бузбайт. Бейтапты коомдон четтетпейт. Оорукана ичиндеги жугуу тобокелчилигин төмөндөтөт. Бул оорусу бар бейтаптар медициналык кызматкерлердин көзөмөлү алдында шайкеш дарылоону колго алганда кана айыгышат.
Эл арасында кургак учук оорусунун алдын алуу, болтурбоо үчүн медициналык кызматкерлери, ден соолук үчүн күрөшүү комитеттери, калк саламаттыгын чыңдоону колдоочу топтору, коомдук жардамчылар, диний лидерлер алдын алуу боюнча жалпыбыз күрөшү менен чогуу биргеликте жеңебиз. Андыктан оорунун алдын алууда саламаттыкты сактоо кызматкерлери, өкмөт, жергиликтүү коом, коомчулук күрөшүү аракеттерин бириктирүүбүз зарыл.
Эми учурдан пайдаланып алдыда келе жаткан медициналык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен өлкөбүз аймагындагы жалпы кесиптештеримди чын дилимден куттуктаймын. Ак халатчан кызматкерлердин бардыгына өздөрүнүн ак халатындай ак кызмат көрсөтүүсү менен элдин алкышына татышып сүйүктүү, иш билги, тажрыйбалуу, мыкты дарыгерлери болуп жүрө беришсин. Кесиптештер, ар дайым бекем ден соолукта болуп, өмүрүңүздөр узун болсун!
____________________________________________________________
АК ЭМГЕКТЕН ИЙГИЛИКТЕР ЖАРАЛАТ
Жазгуль НУРКУЛОВА, Ноокен району, Бүргөндү айылдык медициналык үй-бүлөлүк тобунун жетекчиси:
-Биз мындагы жаңы имаратка жакында көчүп келдик. Ѳткөн мезгилде бейтаптарды кабыл алууга ылайык эмес, шарты жок имараттарды ижарага алып иштеп келгенбиз. Бул имарат Бүргөндү айыл өкмөтүнүн балансы боюнча курулуп, бизге пайдаланууга берилди.
Учурда жаңы имаратка кирип, жаңы дем-күч менен иштеп жатабыз. Демөөрчүлөрдүн күчү менен имараттардын сырткы жасалгалоолорун жасап, оңдоп алдык. Негизинен имарат Бүргөндү ооруканасына аталып берилген. Имарат ичинен Бүргөндү айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна убактылуу иштөөгө 10 бөлмө бөлүп берилген. Алдыда, келечекте өзүбүз үчүн имарат куруп алып жана ыкчам тез жардам кызматы үчүн жаңы автоунаа алуубуз зарыл.
Эмгек жамаатыбызда 11 медициналык кызматкерлер, 4 фельдшер, жалпы 32 кызматкерлер эмгектенишет. Аймагыбызда Жеңиш, Кызыл-Кыя, Кыпчак-Талаа 3 ФАПтын ак халатчандары элибизге 12600 калкка кызмат көрсөтүшөт. Ар кандай ооруларды жалпы карайбыз. Бизге кайрылган бейтаптардын көбү бүгүнкү күндө ич келте оорусу менен ооругандар. Калк саламаттыгын чыңдоодо көбүнчө атуулдардын үйлөрүнө барып, оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү, көзөмөлгө алуу иштерин жүргүзүп келебиз.
Эмгек жамаатымды, кесиптештеримди, медициналык кызматкерлерди алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктаймын. Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздердин жемиштүү ийгилиги артып, ар дайым журттубузга ак эмгегиңиздерди арнап эл кызматында болуңуздар!
Кепке тарткан: Таалайбек МАВЛЯНКУЛОВ, “Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУ ЭКОЛОГИЯ ЖААТЫНДАГЫ ҮЧ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ
-
14.03.2025 / Автор anarkan_kg БЕШ ЖЫЛДЫК ЭМГЕК СТАЖЫ БОЛБОГОНДОР ПЕНСИЯГА ЧЫГА АЛБАЙТ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.