Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
3,259 Бардыгы / Быйылкы окуу жылында Ала-Бука районунда 45 мектеп окуучуларга эшигин ачып, 19 миңге жакын окуучу билим алып баштады. Бул окуу жылына ылайык 2 заманбап орто мектеп пайдаланууга берилди. Падек айылындагы Т.Жоробаев атындагы орто мектеп өткөн кылымдын 50-жылдары салынып, андан бери миңдеген окуучуларды уясынан учурган. Андан бери имараты эскирип, полдору чирип, азыркы учурдун талабына жооп […]
3,260 Бардыгы / Быйылкы окуу жылында Ала-Бука районунда 45 мектеп окуучуларга эшигин ачып, 19 миңге жакын окуучу билим алып баштады. Бул окуу жылына ылайык 2 заманбап орто мектеп пайдаланууга берилди. Падек айылындагы Т.Жоробаев атындагы орто мектеп өткөн кылымдын 50-жылдары салынып, андан бери миңдеген окуучуларды уясынан учурган. Андан бери имараты эскирип, полдору чирип, азыркы учурдун талабына жооп […]
АЛА-БУКАДАГЫ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛГЕН ЭКИ МЕКТЕП
10.09.2019 / Автор aymak

3,261 Бардыгы /
Быйылкы окуу жылында Ала-Бука районунда 45 мектеп окуучуларга эшигин ачып, 19 миңге жакын окуучу билим алып баштады. Бул окуу жылына ылайык 2 заманбап орто мектеп пайдаланууга берилди.
Падек айылындагы Т.Жоробаев атындагы орто мектеп өткөн кылымдын 50-жылдары салынып, андан бери миңдеген окуучуларды уясынан учурган. Андан бери имараты эскирип, полдору чирип, азыркы учурдун талабына жооп бербей калган. 641 окуучу үч сменада окуп келген. Мектептин ачылуу аземине аталган мектепте отуз жыл мугалим, директор болуп иштеген, ардактуу эс алууда жүргөн Жамийла Адылова келип, өз куттуктоолорун айтып өттү. Мектеп 275 окуучуга ылайыкталып курулуп, курулушту Кочкор-Ата айыл курулуш ишканасынын Тариэл Талиев жетектеген куруучулар бригадасы сапаттуу бүтүрүп пайдаланууга берди. Мектеп курулушуна жеке ишкерлер да жабдууларын алып берип, мектептин ички жасалгаларын бүтүрүп беришкен.
-Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар бар, жаңы технологиялардын, компьютердик класстардын негизинде билим алууга шарт түзүлдү. Мугалимдер үчүн атайын усулдук кабинеттер жасалгаланды. 48 миллион сомго бүткөрүлгөн бул мектептин шарты жакшы болду,– дейт мындагылар.
Ошондой эле Орукту айыл аймагында Жолчубек Бешимов атындагы орто мектептин да жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп, салтанатка өкмөттүн областагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков катышып, айылдын тургундарын, мугалимдерди, окуучуларды бул жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтты. Мектеп 150 окуучуга ылайыкталып салынып, бардык шарты менен сапаттуу бүткөрүлгөндүгүн мындагылар белгилешти.
Кошумчалай кетсек, район аймагында дагы 3 мектеп кулап калуу коркунучунда. Учурда 1-Май айыл аймагына караштуу Ажек орто мектебинин окуучулары быйылкы жылда мектеп жоктугунан чатырда жана айылдагы жаңы салынган маданият үйүндө окууну башташты.
Абдымомун Калбаев, Ала-Бука району
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
19.05.2026 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨДӨ АКЫРКЫ КОҢГУРОО МАЙРАМЫ 29-МАЙДА ӨТӨТ
-
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg ӨРМӨКТӨГҮ ӨМҮРЛӨР
-
-
18.03.2026 / Автор anarkan_kg КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОР БАТКЕНДЕ ИРИ КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫН КУРУШАТ
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.