Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ ЭЛ АРАЛЫК ДОНОР УЮМДАРГА АЛКЫШЫН АЧЫКТАДЫ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ ЭЛ АРАЛЫК ДОНОР УЮМДАРГА АЛКЫШЫН АЧЫКТАДЫ

 726 Бардыгы /

НЬЮ-ЙОРК. БУУнун штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Өнүктүрүүнү каржылоону баалоо» долбооруна Кыргызстанды кошкон чечими үчүн ПРООН, ЕС жана БУУДЕСА Эл аралык уюмдарына терең ыраазычылыгын ачык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Биримдиги жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти менен биргеликте уюштурган «Каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери: Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын улуттук пландарын каржылоо инструменти» темасындагы иш-чарага катышты.
Бул иш-чаранын негизги максаты Туруктуу өнүктүрүү  максаттарынын Улуттук пландарын ишке ашырууну каржылоо боюнча кошумча ресурстарды мобилизациялоо боюнча өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүнү аныктоого багытталган «Өнүктүрүүнү каржылоону баалоо» долбооруна кошулган өлкөлөргө көмөктөшүү жолдорун жана жетишкендиктерди талкуулоо болуп саналат. Иш-чарага Европа Биримдигинин Эл аралык мамилелер жана өнүктүрүү боюнча Комиссары Невен Мимица, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администратору Ахим Штайнер, БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Лю Чженминь катышты. Иш-чара катышуучулары «Өнүктүрүүнү каржылоону баалоо» долбоорун ага кошулган өлкөлөрдүн кызыкчылыгында ишке ашырууну улантууну белгилешти.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ПРООН, ЕС жана БУУДЕСАга Кыргызстанды жогоруда аталган долбоорго кошуу чечимине терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн иши жөнүндө маалымат берди жана Кыргыз Республикасында Өнүктүрүүнү каржылоо үчүн баалоону даярдоо боюнча ишинде өнөктөштүк өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17