Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,458 Бардыгы / Жалал-Абад шаарында жеке ишкер шаар бийлигине жана жашылдандыруу чарбасына нааразылыгын өзүнүн бизнесине келтирилген тоскоолдуктар менен белгилеп айтып чыкты. Жеке ишкер жаралган кырдаалды фейзбук баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялап, бардык тиешелүү тармактардан жана юристтерден жардам сурап кайрылган. Эрзат Шадибеков алгачкы билдирүүсүн 17-сентябрь күнү жарыялаган анда курулуш материалдарын сатуучу дүкөнүнүн алдына жолду тозуп көчөттөр эгилгендигин айткан. […]
1,459 Бардыгы / Жалал-Абад шаарында жеке ишкер шаар бийлигине жана жашылдандыруу чарбасына нааразылыгын өзүнүн бизнесине келтирилген тоскоолдуктар менен белгилеп айтып чыкты. Жеке ишкер жаралган кырдаалды фейзбук баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялап, бардык тиешелүү тармактардан жана юристтерден жардам сурап кайрылган. Эрзат Шадибеков алгачкы билдирүүсүн 17-сентябрь күнү жарыялаган анда курулуш материалдарын сатуучу дүкөнүнүн алдына жолду тозуп көчөттөр эгилгендигин айткан. […]
ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЧАРБАСЫ ДАГЫ БИР ШАЛААКЫЛЫККА ЖОЛ КОЙДУБУ?
07.10.2019 / Автор aymak

1,460 Бардыгы /
Жалал-Абад шаарында жеке ишкер шаар бийлигине жана жашылдандыруу чарбасына нааразылыгын өзүнүн бизнесине келтирилген тоскоолдуктар менен белгилеп айтып чыкты. Жеке ишкер жаралган кырдаалды фейзбук баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялап, бардык тиешелүү тармактардан жана юристтерден жардам сурап кайрылган.
Эрзат Шадибеков алгачкы билдирүүсүн 17-сентябрь күнү жарыялаган анда курулуш материалдарын сатуучу дүкөнүнүн алдына жолду тозуп көчөттөр эгилгендигин айткан. Дүкөндү даярдоочу курулуш иштери бир аз токтоп турган кезде шаардык жашылдандыруу чарбасы 4 түп павлония көчөтүн отургузуп кетишкен. Жеке ишкер жарыялаган видеодо тротуар жок экендигин көрүүгө болот. мындан улам көпчүлүгү архитектуранын, шаардын ген планынын жоктугун сындап комментарий жазышкан. Анткени тротуар жолдун бир тарабында гана каралып, экинчи тарабында каралган эмес. Эки күн өтүп 19-сентябрь күнү мэрияга жана жашылдандыруу чарбасына кат түрүндө кайрылган видеосун жүктөгөн. Анда жашылдандыруу чарбасы ар бир көчөттү 550 сомдон сатып алгандыгы белгилүү болгон. Эрзат Шадибеков комментарийлердеги талкууга “Биз бул көчөттөрдү жулуп салсак деле болмок, бирок биз мыйзамды сыйлайбыз, өзүбүз алып койгонго 1000 сом штраф экен” деген билдирүүлөрүн калтырган. Андан кийин жашылдандыруу чарбасы 2 күндө барып көчөттөрдү алабыз деген жоопту бергендигин айтып сүйүнүчүн да тең бөлүшкөн.
Бирок андай болгон жок. Жеке ишкер 6-октябрь күнү фейзбук баракчасына “Кат кайрылганыбызга, 2 күндүн ичинде алынат дегендерине 18 күн болду. Сураныч иштейличи, аракет жасайлычы, бир туугандарыбызды Россияга кетирбей ушул жерде эле иш менен камсыздайлы. Төккөн салыгыбыз мамлекетке эле пайда го” деп айтып чыкты.
Билдирүүгө маалымат борборунун жетекчиси Азамат Жээнбеков “Сиз айткан маселе менен таанышып чыктык. Бул боюнча түзүлгөн комиссия атайын жеринен текшерет. Архитектура башкармалыгы тарабынан курулушка уруксат берилбеген, андыктан комиссия текшерип чыгып баасын берет” деп жооп калтырган.
Ал эми жеке ишкер Э. Шадибеков менен байланышканыбызда ал төмөндөгүлөргө токтолду.
-Бизге башында көчөттөр 5 миң 500 сом турат деген жайы бар эле, кийин 550 сом адашып айтылыптыр деп оңдошту. Жумушчулар менен сүйлөшүп койдук эле, бир гана ушул көйгөйдөн иш баштай албай жүрөбүз. Маселе келип чыкканда эле мэрияга, жашылдандыруу чарбасына, архитектура башкармалыгына кайрылганбыз, реакция жок.
Эми көчөттөр алынабы же дүкөн жабылабы ал белгисиз, жада калса тиешелүү кызматтар качан реакция жасары да белгисиз. Кошумчалай кетчү жагдай, Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу чарбасына буга чейин да ар түбүн 320 сомдон алган арча көчөттөрү куурап калып жатканы жана башка иштери боюнча сын-пикирлер көп айтылып келген.






Роза Акматжан кызы “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ИШТЕБЕГЕН ЖАРАНДАРГА МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨНГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.