Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
722 Бардыгы / Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы кеңешинде Казакстандын соода чектөөлөрү менен транзиттик жүк алып өтүүгө тоскоолдуктар боюнча Кыргызстандын дооматы каралды. «Азаттык» билдиргендей, уюмдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Казакстан эл аралык соода эрежелеринин талаптарын бузган учурлар тууралуу баяндама жасады. Анда ал 2019-жылдын март айынан бери Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө бараткан жүктөр негизсиз токтотулуп, текшерилип жатканын […]
723 Бардыгы / Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы кеңешинде Казакстандын соода чектөөлөрү менен транзиттик жүк алып өтүүгө тоскоолдуктар боюнча Кыргызстандын дооматы каралды. «Азаттык» билдиргендей, уюмдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Казакстан эл аралык соода эрежелеринин талаптарын бузган учурлар тууралуу баяндама жасады. Анда ал 2019-жылдын март айынан бери Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө бараткан жүктөр негизсиз токтотулуп, текшерилип жатканын […]
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН ТАЛАШЫ ДСУга ЖЕТТИ
10.03.2020 / Автор aymak724 Бардыгы /
Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы кеңешинде Казакстандын соода чектөөлөрү менен транзиттик жүк алып өтүүгө тоскоолдуктар боюнча Кыргызстандын дооматы каралды.
«Азаттык» билдиргендей, уюмдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Казакстан эл аралык соода эрежелеринин талаптарын бузган учурлар тууралуу баяндама жасады. Анда ал 2019-жылдын март айынан бери Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө бараткан жүктөр негизсиз токтотулуп, текшерилип жатканын белгилеген.
Кыргызстандын өкүлү Данияр Мукашев Казакстан киргизген чектөөлөрдүн айынан Кыргызстандын экспорту 2019-жылы 24,4% азайганын айтып, коңшу мамлекет ДСУнун эрежелерин бузган конкреттүү ченемдерди мисал келтирген.
Данияр Мукашев Кыргызстан 2017-жылы да ушундай чектөөлөргө дуушар болгонун эске салды. Ал Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) эсеби менен анда кыргыз экономикасы 200 млн. доллардан ашуун зыянга учураганын мисал келтирди. Казак тарап өз кезегинде аны аткезчиликти ооздуктоо чарасы менен түшүндүргөн.
Ал эми Казакстан бул жолу да жогоруда сөз болгон дооматка макул эмес экенин билдирип, аны четке какты. Казак тарап транзиттик жүктүн көбү Кыргызстандан аткезчилик жол менен өтүп, салыктар төлөнбөй, казына зыянга учураганын жүйө келтирген. Казакстандын бул уюмдагы өкүлү Жанар Айтжанова 2019-жылы жалган даректерге товар жөнөтүлгөн 2600 факты катталып, транзиттик жүк Казакстандын аймагында калып, салык алынбай сатылган 4800 учур аныкталганын билдирген. Ошондуктан ал Кыргызстанды өзүнө алган милдеттенмелерин так сактоого чакырды. Казакстан былтыр жаздан баштап чек арадан кирген жүк ташуучу автоунааларга пломба коюп, товарлардын документтерин текшере баштаган.
Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Олжас Отар казак өкмөтү муну менен өз кызыкчылыгын коргоп жатканын билдирген болчу:
Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү жагы көрсөтүлгөн. Бирок ал товарлар Казакстандын аймагында сатылган.
«Мисалы, соңку үч айдын ичинде 601 мыйзам бузулган факты аныкталды. Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү жагы көрсөтүлгөн. Бирок ал товарлар Казакстандын аймагында сатылган. Жалпы баасы 5 млрд. теңгеге барабар бул соода жүгүртүүдөн 600 млн. теңгеге жакын салык алынышы керек эле. Мына ушундай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бизде транзит менен өтүп бараткан оор жүк ташуучу автоунааларга электрондук пломбалар коюлуп жатат. Анткени жол документтери боюнча Орусияга жүк тартып баратканы көрсөтүлгөн жүктөрдүн көпчүлүгү Казакстандын шаарларында калып, ал жактагы базарларда сатылып жаткан учурлар катталган. Ошол электрондук пломбалар аркылуу жандоочтон жүк ташуучу автоунаалардын каякка баратканы байкоого алынып, алардын товарлары Казакстандын аймагында калганы аныкталганда тиешелүү чара көрүлүп, жүк артка кайтарылат».
Буга чейин Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөргө байланыштуу андагы кезек күткөн оор жүк ташуучуу автоунаалардын тыгыны 10 чакырымга чейин созулуп, кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр зыянга учураганы кырдаал боюнча кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык комиссиясына билдирүү жиберген. Бирок бул уюмдун аны жөнгө салуу укугу болбогондуктан кыргыз тараптын өтүнүчү кароосуз калган.
Бул ирет Дүйнөлүк соода уюмунун башкы кеңешинде Казакстан тарап коюлган дооматарды четке каккандыктан Кыргызстандын өкүлчүлүгү маселени уюмдун талаштарды жөнгө салуучу органында көтөрөрүн жарыялады. Буга удаалаш эле казак тарап да Кыргызстанга доомат коюп, аталган уюмга даттанган болчу.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg УШУНДАЙ ЖЕТЕКЧИ БАР АРАБЫЗДА…
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.