Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,397 Бардыгы / Президент Сооронбай Жээнбеков адегенде Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун музейине баш бакты. Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын дыкаат көрүп чыгып, ардактуу коноктор китебине кол жазмасын дагы калтырды. Андан соң Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун салмактуу ордун баса белгиледи. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө […]
1,398 Бардыгы / Президент Сооронбай Жээнбеков адегенде Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун музейине баш бакты. Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын дыкаат көрүп чыгып, ардактуу коноктор китебине кол жазмасын дагы калтырды. Андан соң Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун салмактуу ордун баса белгиледи. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «МЕН ДАЙЫМ ЭЛ МЕНЕН БИРГЕМИН!»
12.03.2020 / Автор anarkan_kg

1,399 Бардыгы /
Президент Сооронбай Жээнбеков адегенде Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун музейине баш бакты. Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын дыкаат көрүп чыгып, ардактуу коноктор китебине кол жазмасын дагы калтырды. Андан соң Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун салмактуу ордун баса белгиледи. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгын дагы катуу убадалады.
Эске салчу жагдай: 2020-жылдын январь айында Мамлекет башчысы «Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Кыргыз Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети дагы түзүлгөн.
Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен бетме-бет жолугушту.
Мамлекет башчысы Баткен облусунун жана мунун ичинде чек арадагы Лейлек районунун маселелери анын президенттик ишмердүүлүгүндө өзгөчө орунду ээлей тургандыгын дагы жашырган жок. Өр үкзарлуу аймактын социалдык-экономикалык жактан ыкчам өнүгүшүнө мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын дагы кошумчалады. Ал аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча негизги багыттар тууралуу дагы өз үнчө баян этти. Мында өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу, жер-жерлерде ишкерликти, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо, салык жана бажы органдарынын ишин автоматташтыруу, ата мекендик экспорттук дараметти мындан дагы кеңейтүү чараларына кеңири токтолду.
Буга улай Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелерин ыкчам чечүү, чек ара коопсуздугун жогорулатуу, ирригациялык, калкты таза суу менен камсыздоо, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө дагы кенен-чонон айтып берди.
Муну менен катар 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыктын негизги максаттары жана милдеттери, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо, сот-укуктук реформа, жемкорлук менен күрөшүү, укук коргоо органдарын реформалоо, Куралдуу күчтөрдүн жөндөмдүүлүгүн арттыруу, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу чараларына дагы кеңири токтолду. Анан дагы өлкөнүн бардык аймактарында санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу өз үнчө сөз кылды. Соңунда жергиликтүү калк менен жолугушуу суроо-жооп форматында улантылды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Баткен облусу
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
24.03.2025 / Автор anarkan_kg ОРОЗО АЙТ 30-МАРТТА БЕЛГИЛЕНЕТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.