Аймак

КАЗАКСТАНДА КОРРУПЦИЯГА АЙЫПТАЛГАН 12 БАЖЫ КЫЗМАТКЕРИНЕ КАРАТА ӨКҮМ ЧЫКТЫ

КАЗАКСТАНДА КОРРУПЦИЯГА АЙЫПТАЛГАН 12 БАЖЫ КЫЗМАТКЕРИНЕ КАРАТА ӨКҮМ ЧЫКТЫ

 796 Бардыгы /

16-мартта Чымкент шаарынын райондор аралык соту коррупция иши боюнча айыпталып жаткан 12 бажы кызматкерине, бир нече аткаминерге жана жергиликтүү тургундарга карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, 11 бажы кызматкери бир жылдан он жылга чейинки мөөнөттөргө соттолуп, бирөө акталды.

Иштин эки фигуранты — Мамлекеттик кирешелер боюнча Түркстан облустук департаментинин жетекчи орун басары Нурлан Тенлибаев менен «Капланбек» бажы бекетинин башчысы Еркин Байсапаров «бир нече жолу ири өлчөмдө пара алууга» күнөөлүү деп табылып, ар бири он жылдан эркинен ажыратылды.

Ушул эле айып менен Мамлекеттик кирешелер боюнча облустук департаменттин жетекчиси Сейтжан Ештаев менен «Казыгурт» бажы бекетинин башчысы Нурлан Оспанов төрт жылдан соттолушту. Сот өкүм чыгарууда алардын тергөө иштерине көмөктөшкөнүн эске алганын билдирди.

Мындан тышкары «Сарыагаш станциясы» бажы бекетинин башчысы Алмас Жумабаев менен дагы беш бажы кызматкеринин ар бири жети жылдан эрктеринен ажыратылды. Өкүмгө ылайык, дагы бир бажычы төрт жылга кесилди.

Пара берүүгө ортомчулук кылууга айыпталган «Сарыагаш станциясы» бекетинин башкы адиси менен үч жаран бир жылдан төрт жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушту. Ортомчулукка айыпталган дагы үч адамдын жаза мөөнөтү менен тергөө маалында камакта жаткан мөөнөтү дал келгендиктен, алар сот залынан бошотулду.

Сотто төрт бажы кызматкери күнөөсүн мойнуна алса, 11и айыптоолор менен макул болгон жок. Мындан тышкары «Сарыагаш станциясы» бекетинин бир кызматкери акталды. Сот аны күнөөлүү деп табууга далилдер жетишсиз экенин билдирди.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, соттолуучулар пара катары ишкерлерден 20 миллион теңгеге жакын акча алышкан. Алар 2018-жылы июнда кармалып, сот былтыр июлда башталган. Иштин алкагында кармалган 16 адамдын жетөө тергөө аяктаганга чейин камакка алынып, үчөө үй камагында болгон. Калгандары күрөөгө бошотулган.

2018-жылы тергөө бул иш боюнча дагы эки шектүүгө издөө жарыялап, бирок таба алган эмес.

Казакстан Transparency International уюмунун 2019-жылга карата жарыяланган «Коррупцияны кабылдоо индексинде» 180 өлкөнүн ичинен 113-орунга жайгашкан. Бул рейтингде өлкө канчалык төмөнкү сапта болсо, коррупциянын жайылышы ошончолук жогору болот.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17