Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИНДЕГИ АДАМДАРДЫ КАРАП ЖҮРГӨН ДАРЫГЕР БЫЧАКТАН ЖАРАКАТ АЛДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИНДЕГИ АДАМДАРДЫ КАРАП ЖҮРГӨН ДАРЫГЕР БЫЧАКТАН ЖАРАКАТ АЛДЫ

 1,019 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН.  24-мартка караган түнү Өзбекстандын Хорезм облусунда карантиндеги адамдарды карап жүргөн 58 жаштагы инфекционист дарыгер бычактан жаракат алды. Бул тууралуу облустук акимчиликтеги өз булактар кабарлашты.

Хорезм облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү бул маалыматты ырастап, дарыгер өзүн-өзү бычак менен сайганын билдирди.

– Буга чейин айтылгандай дарыгер өзүнө үч жолу эмес, бир жолу бычак сайган. Азыр ал ооруканалардын биринде дарыланып жатат», — деди мекеме өкүлү.

Бирок жаракат алган дарыгер менен жакындан тааныш хорезмдик кесиптеши анын өзүнө өзү бычак сайгандыгы тууралуу версияга ишенбей турганын айтууда.

– Ал өтө күчтүү, беделдүү дарыгер. Өзүнө бычак сая турган адам эмес. Бул жерде коомчулуктан бир нерсени жашырып жатышат. Ал түнү окуя болгон жерге облустун прокурору менен губернатору баргандан кийин ушундай маалымат пайда болду», — деди ал.

Өз кезегинде Хорезм облустук акичилигиндеги өз булак ал түнү жумуштун көптүгүнөн стресс абалда турган дарыгерлердин ортосунда жаңжал болгонун билдирүүдө.

– Биз Москва жана Дубайдан чартердик каттам менен келген адамдарды карантинге жайгаштырып, 2-3 күндөн бери тынбай иштеп жатабыз. Дарыгерлер жетишсиз болгондуктан, алар да уйкусуз иштешти, бардыгы стресс абалында турушкан. Окуя түнкү саат экиде ашканада болгон. Алар чай ичип бүткөндөн кийин кезек тууралуу пикир келишпестиктер чыгып, жаңжал болгон. Ошол кезде колунда бычак кармап турган дарыгерди бирөө түртүп жиберип, ал жыгылып кеткен, бычак капталына сайылган. Ал өз жанын кыюуга аракет кылды деген маалымат жалган», — деди булак.

Өзбекстанда 30-мартка карата вирус жуктурган кишилердин саны 145 болду.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17