Аймак

БУУ ЭКСПЕРТТЕРИ: “ВАГНЕР” КОМПАНИЯСЫ ЛИВИЯДА 1200дөй АСКЕРИН ЖАЙГАШТЫРГАН

БУУ  ЭКСПЕРТТЕРИ: “ВАГНЕР” КОМПАНИЯСЫ ЛИВИЯДА 1200дөй АСКЕРИН ЖАЙГАШТЫРГАН

 1,182 Бардыгы /

Орусиялык “Вангер” жеке аскер компаниясынын жалданма кызматкерлери Ливиянын козголоңчул генералы Халиф Хафтардын армиясын колдоп жүрүшү ыктымал.

Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Санкциялар комитетинин жабык баяндамасына таянуу менен билдиришти.

AFP агенттиги баяндамадан үзүндү келтирип, эксперттер тобу “Вангер” компаниясынын жалданма кызматкерлери Ливияда 2018-жылдан бери жүрүшкөнүн аныктаганын жазды. Документтин авторлору ачык булактарга таянуу менен аларын саны 800дөн 1200гө чейин жетиши ыктымал экенин билдиришти. Орусиялыктар аскердик техникаларды ремонтоо иштерине көмөк көрсөтүп, аскердик операцияларга катышууда.

Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келет. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.

Түркия Ливиянын өкмөтүн колдосо, Орусия баштаган бир катар өлкөлөр генерал Хафтарды жактап келет.

Январь айында Түркия менен Орусиянын биргелешкен билдирүүсүнөн кийин Ливиядагы жаатташкан тараптар атышууну токтото турууга макул болушканы кабарланган. Бирок андан бери кармаштар токтогон жок. Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш уланып келатат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17