Аймак

ТРАМП МЕНЕН ПУТИН КУРАЛ-ЖАРАКТЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШТҮ

ТРАМП МЕНЕН ПУТИН КУРАЛ-ЖАРАКТЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШТҮ

 899 Бардыгы /

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Ак үй билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Трамп курал-жаракты көзөмөлдөө тууралуу макулдашууга Кытайды да кошуу зарылдыгын белгиледи.

«Президент Трамп АКШ курал-жаракты натыйжалуу көзөмөлдөөнү колдой турганын ырастап, макулдашууга Орусия гана эмес, Кытай дагы кол коюшу керектигин белгиледи», — деп жазылган Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Өткөн жылы 500дөн 5500 чакырымга чейин жете турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган АКШ менен Орусиянын ортосундагы «Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу» макулдашуу күчүн жоготкон. Бул келишимге 1987-жылы ошол кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын президенти Рональд Рейган кол коюшкан. Алгач Вашингтон Москваны «макулдашуунун шарттарын бузду» деп айыптап, келишимден чыкканын жарыялаган. АКШнын бул позициясын НАТО колдогон. Орусия бул дооматтарды четке кагып, кийинчерээк ал да келишимден чыкканын билдирген.

Вашингтон мындан тышкары быйыл күчүн жогото турган стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндөгү эки өлкө ортосундагы макулдашуунун (СНВ-3) мөөнөтүн узартпашы мүмкүндүгүн кабарлаган.

Кремль телефондук сүйлөшүүдө Трамп менен Путин дүйнөлүк мунай базарындагы абалды, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуусун да талкуулаганын билдирди.

2014-жылы Крым аннексияланып, Украинанын чыгышында куралдуу жаңжал башталгандан кийин эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап, АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Москва Крымдын Орусиянын курамына кошулуусун «тарыхый адилеттүүлүктүн орношу» деп мүнөздөп келет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17