Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,180 Бардыгы / 8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Эки тараптын облустук деңгээлде жолугушуусу өтүп, абалды турукташтыруу, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу макулдашылды. 8-май күнү Көк-Таш айылынын четинен Тажикстан менен чек арага жакын жерде Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Күйүп кеткен үйдүн чыгымдарын төлөп берүү, талашка түшкөн төрт гектар […]
1,181 Бардыгы / 8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Эки тараптын облустук деңгээлде жолугушуусу өтүп, абалды турукташтыруу, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу макулдашылды. 8-май күнү Көк-Таш айылынын четинен Тажикстан менен чек арага жакын жерде Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Күйүп кеткен үйдүн чыгымдарын төлөп берүү, талашка түшкөн төрт гектар […]
ЧЕК АРАДА ӨРТТӨЛГӨН ҮЙ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАН ТӨЛӨЙТ
12.05.2020 / Автор orozalieva

1,182 Бардыгы /
8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Эки тараптын облустук деңгээлде жолугушуусу өтүп, абалды турукташтыруу, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу макулдашылды.
8-май күнү Көк-Таш айылынын четинен Тажикстан менен чек арага жакын жерде Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн.
Күйүп кеткен үйдүн чыгымдарын төлөп берүү, талашка түшкөн төрт гектар жерди мындан ары иштетүү маселелерин чечип алыш үчүн Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын денгээлинде эки тараптуу жолугушуу өттү. Сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов жетектеп барды.
Чырлуу аймактагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арадагы чатактардын алдын алуу, кызматташтыкты жандантуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жолугушууга катышкан Баткен районунун акими Каланбек Маркаев өрттөнгөн үйдүн чыгымын жабуу караштырылып жатканын билдирди.
«Жолугушууга тиешелүү кызматтар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Биз тараптан облус жетекчисинин орун басары Жаркынбек Максутов баштаган топ бардык. Тажикстандан да Согди облусунун жетекчисинин орун басары баштаган топ келди. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, чырдын алдын алуу маселесин талкууладык. Макулдашуу абалды турукташтыруу багытында эле болду. Талаш жердин маселеси да айтылды», – деди ал.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында макулдашуунун ар бир майда-чүйдөсүнө чейин айтылган жок. Бирок өрттөлгөн үй-жай үчүн чыгымды Тажикстан тарап эмес, Кыргызстан төлөп бермек болгону жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып келген талаштагы 4 гектар жерди убактылуу иштетпей турганы макулдашылган.
«Бийликтегилер ошол чек арадагы чырлуу аймактын тургундарын карап, чыгымдарды кошуналардан өндүрүп бериши керек эле» дешет Көк-Таштын тургундары.
Үйү өрттөлгөн Шада Мажитова «жергиликтүү бийлик маселени чечүүдө кайдыгерлигин уланта берсе өлкө башчысына кайрылам» дейт.
«Ар ким келди, кабар алганы. Бирок бир ток этерин айтып маселени чечкени жок. Үй болсо өрттөнүп кетти. Жашообуз болсо кооптуу болуп калды. Азыр эми абал кандай болорун айтыш кыйын. Чек араны болсо так сүйлөшүп чечип беришкен жок. «Жолугуп сүйлөшөбүз» эле дешет. Бирок мындай сүйлөшүүлөрдөн эч пайда болгон жок. Анан кайдагы бир нерселерди макулдашып коюшат. Ошондуктан ишенич деле жок. Чоңдорду көзөмөлдөп катуу тапшырма бериш керек», – деди ал.
Чек арада жашаган калк арасында эки тараптуу жолугушуулардан үмүт арткандар азайып жатат десек болот. Анткени буга чейин да жергиликтүү, өкмөттүк деңгээлдеги бир топ жолугушуулар өтүп, макулдашуулар аткарылбай кала берген учурлар көп.
Укук коргоочу, медиатор Хаитали Айкынов Кыргызстан тарап чек ара боюнча дурус кадрларды жөнөтпөй абал ылдыйкы деңгээлге түшүп жатат деген пикирде.
«Бизде улам жаңы кадр дайындалып, улам ар бир жолугушууга башка-башка кызматкер барат, – деп түшүндүрдү ал. – Анан ал адам кошуналар менен сүйлөшүү деңгээлин өздөштүрүп, маселени ичинен билгенге чейин кызматтан кетет. Сүйлөшүүлөрдө көп учурда кызыкчылыктар кандай корголуп, кантип макулдашуулар болуп жатканынын натыйжасы сезилбей калып жатат. Ал тургай өлкө башчыларынын жолугушуусунан кийин деле абал өзгөрбөй, маселе ошол боюнча калды да. Ошондуктан мындай жергиликтүү деңгээлде даяр эмес кадрлар жолугушууга бара берип, элдин ишеничи деле калбады. Дипломатиялык сүйлөшүү алып бара албаган, өлкө кызыкчылыгын коргоого даяр эмес кадрлардын натыйжасыз иши чек арада жашаган элдин турмушуна да таасир этип жатат».
Жыл башынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында курал колдонуу менен эки ирет чыр чыкты.
Акыркы чатакта Кыргызстандын жарандары иштетип келген төрт гектар жерди Тажикстан карта боюнча Кыргызстанга тиешелүү эмес деп, эгин айдап жаткан көкташтыктарды кууп чыккан. Кагылышууда кыргызстандык үч чек арачыга ок тийип, биринин абалы өтө оор. Беш бөлмөлүү үй өрттөнүп, чыгымы бир миллион сомго бааланууда.
Тажик тарап болсо «Кыргызстандын чек арачылары Тажикстанга тиешелүү 4 гектар жерди талашып, чагымчылдыкка барган, чатакта эки жараныбыз жабыркады» деп маалымат таратты. Бул окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрликтери окуя үчүн бири-бирин айыптап, бири-бирине нааразылык нотасын тапшырышты.
www.
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
-
31.07.2024 / Автор anarkan_kg ЭЛЧИБЕК ЖАНТАЕВ КАРА-СУУДАГЫ «ЖЕР КОРРУПЦИЯСЫН» КЕСКИН СЫНДАДЫ
-
07.08.2024 / Автор anarkan_kg ОШ КӨП ПРОФИЛДҮҮ КОЛЛЕДЖИ ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ГАНА БЕЛЕНДЕЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.