Аймак

КАЗАКСТАНДЫН ХРОМ ЗАВОДУНДА ТӨРТ ЖУМУШЧУ МЕРТ БОЛДУ

КАЗАКСТАНДЫН ХРОМ ЗАВОДУНДА ТӨРТ ЖУМУШЧУ МЕРТ БОЛДУ

 1,180 Бардыгы /

28-май күнү Актөбө хром кошулмалар заводунда  төрт жумушчу каза таап, экөө ооруканага түштү. Алардын абалы оор. Бул тууралуу Актөбө облустук ден соолукту сактоо башкармалыгы менен эмгек инспекциясы билдирди.

Маалыматка караганда, өндүрүштө колдонулган бактын ичиндеги химиялык калдыкты тазалап жатканда бир жумушчу күйүп кеткен. Аны куткаруу үчүн беш жумушчу 50 куб метр бактын ичине түшкөн. Баары күйүк алган. Анын кесепетинен төртөө жан берди, экөө ооруканага түштү.

Бул окуя боюнча “ Байкабастыктан эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген эмгек коопсуздугун бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ооруканадагы жумушчулардын бети, мойну жана колдору күйгөн. Бири – 32, экинчиси – 36 жашта.

Хром кошулмалар заводу Актөбөнүн четинде жайгашкан. Ишкана монохромат, натрий бихроматын жана авиация, мунай өндүрүү, фармацевтика тармагында колдонулуучу заттарды чыгарат. Хром кошулмалары дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө экспорттолот.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17