Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
2,773 Бардыгы / Сузак районунда жума базар болбосун деген акимдин буйругу аткарылбай жатат. Жума күнү өтчү жайма базар бүгүн район борборунда эмес, Бай-Эл базарынын артында өтүүдө. Мында 200дөн ашуун соодагер санитардык эрежелерди сактабай иштеп жатат. Пандемияга байланыштуу Сузак районунда базарлар жума күнү дезинфекцияланышы керек. Ага ылайык, базарлардын иштөөсүнө да уруксат жок. «Бай-Эл» базарынын башкы директорунун кеңешчиси […]
2,774 Бардыгы / Сузак районунда жума базар болбосун деген акимдин буйругу аткарылбай жатат. Жума күнү өтчү жайма базар бүгүн район борборунда эмес, Бай-Эл базарынын артында өтүүдө. Мында 200дөн ашуун соодагер санитардык эрежелерди сактабай иштеп жатат. Пандемияга байланыштуу Сузак районунда базарлар жума күнү дезинфекцияланышы керек. Ага ылайык, базарлардын иштөөсүнө да уруксат жок. «Бай-Эл» базарынын башкы директорунун кеңешчиси […]
СУЗАКТА АКИМДИН БУЙРУГУ АТКАРЫЛБАЙ ЖАТАБЫ?
08.08.2020 / Автор orozalieva2,775 Бардыгы /
Сузак районунда жума базар болбосун деген акимдин буйругу аткарылбай жатат. Жума күнү өтчү жайма базар бүгүн район борборунда эмес, Бай-Эл базарынын артында өтүүдө. Мында 200дөн ашуун соодагер санитардык эрежелерди сактабай иштеп жатат.
Пандемияга байланыштуу Сузак районунда базарлар жума күнү дезинфекцияланышы керек. Ага ылайык, базарлардын иштөөсүнө да уруксат жок. «Бай-Эл» базарынын башкы директорунун кеңешчиси Лутфилла Мусурманкуловдун айтымында жума базардын соодагерлери бир топ убакыт суранышкан. Алардын суранычтарын четке кага албай, базардын арткы тарабынан 45 сотыхтай жерди даярдап берген.
“Жума базардын сатуучулары бизге бир нече жолу кайрылып, «ушул жерден тирилигибизди кылып туралы, кыйналып кеттик»- деп суранып жатышты. Мындан 2-3 апта мурун аз эле адам келип жаткан. Бүгүн соодагерлер да кардарлар да көптүгүнө өзүбүз да таң калып турабыз. Санитардык эрежелер да сакталбай жатыптыр. Эгер бул көрүнүш улана берсе, эрежелерди сактабаса, биз ал соодагерлер менен иштеше албайбыз” – дейт Л.Мусурманкулов.
Акимдин буйругуна ылайык, жума күнү бардык базарларда дезинфекция иштери жүрүшү керек. Мындан улам бул күнү эч бир базардын иштөөсүнө уруксат жок. Район борборундагы базарга чектөө коюп, “Бай-Элге” күчү жетпеген район акимине айрым базар башчылары нааразы.
“Биздин жума базар пандемияга байланыштуу 19-мартта жабылган. Карантинден кийин 26-июнда, 3-июлда иштедик кайра 10-июлда жабылды. Ушул жердеги соодагерлерди үч тарапка (Дома-Ата, район борборуна, Бай-Эл базарына) адам аз болсун деп бөлгөнбүз. Көпчүлүгү Бай-Эл базарына барып иштеп жатышат. Айтайын дегеним, район борборундагы жума базарда вирус болуп, Бай-Эл базарында вирус жокпу?- ушул жагынан алганда аким реалдуу карабай жатат. Бул боюнча аким, анын орун басары менен да сүйлөшүп келдим. Мага 31-июлдан тарта Бай-Эл базары да иштебейт деп айткан. Бүгүн акимдин калпы чыгып турат” – дейт Гүлмира Маматова жума базарынын башчысы.
Бул күнү райондо эч бир базар иштебеши керек эле. Акимдин айтымында базар башчылары район штабынын буйругун аткарбаган бүгүн биринчи көрүнүш болуптур. Негизи буга чейин ал жерде жайма базар уюшулуп жатканынан кабары жоктугун маалымдады. Бүгүнкү көрүнүш боюнча чара көрөрүн айтты.
“Райондук штабдын чечими менен аптанын ар жума күнү базарлар дезинфекция болуп, иштөөсүнө уруксат берилген эмес. Бүгүн жума базар дагы Бай-Эл базары дагы иштебеши керек. Маалыматым боюнча бүгүн иштеп жатыптыр. Орун басарым менен сүйлөштүм, ал жакка санэпид өкүлдөрүн жөнөтүптүр. Эгер чын эле санитардык эрежелер сакталбай жатса, райондук штабдын буйругун аткарбаган болсо, биз аларга тиешелүү тартипте айыппул салабыз” – дейт аким Э.Омошев.
Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор orozalieva
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
06.09.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
-
04.09.2024 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИН ТУРГУНУ ҮЙҮНДӨ МАҢЗАТ ӨСТҮРГӨН
-
15.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА КОНФЕССИЯЛАР АРАЛЫК КЕҢЕШ СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАРДЫ УЮШТУРДУ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 1500 ОКУУЧУ “МАНАС” АЙТТЫ
-
06.05.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯ ИИМ УКРАИНАНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАДЫ
Маек
Жакып МАМАЖАНОВ: “АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ЖАНА ЗАМАНБАП УСУЛДАРДЫ МЕКТЕПТЕРДЕ КЕҢИРИ ЖАЙЫЛТКАНГА БЕКЕМ ЫКТАДЫК!”
Республикабыздын бардык булуң-бурчундагыдай эле Ош облусунун Араван районунда дагы агартуучулар…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.