Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
979 Бардыгы / Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Сох районунда жергиликтүү беш тургунга кылмыш иши козголду. Алар 31-майда чек арага жакын Чечме айылындагы кыргыз-өзбек жаңжалына катышууга айыпталууда. Фергана облустук администрациясы алдын ала тергөө учурунда алар камакта болорун билдирди. Маалыматтарга караганда, 22-24-август аралыгында райондун бир нече айылдарында жалпысынан 12 киши кармалган. –YouTube сервисинде өзүнүн каналы бар блогер тууганым […]
980 Бардыгы / Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Сох районунда жергиликтүү беш тургунга кылмыш иши козголду. Алар 31-майда чек арага жакын Чечме айылындагы кыргыз-өзбек жаңжалына катышууга айыпталууда. Фергана облустук администрациясы алдын ала тергөө учурунда алар камакта болорун билдирди. Маалыматтарга караганда, 22-24-август аралыгында райондун бир нече айылдарында жалпысынан 12 киши кармалган. –YouTube сервисинде өзүнүн каналы бар блогер тууганым […]
СОХТО ЖАПЫРТ БАШАЛАМАНДЫККА КАТЫШУУ АЙЫБЫ МЕНЕН 12 КИШИ КАРМАЛДЫ
25.08.2020 / Автор aymak981 Бардыгы /
Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Сох районунда жергиликтүү беш тургунга кылмыш иши козголду. Алар 31-майда чек арага жакын Чечме айылындагы кыргыз-өзбек жаңжалына катышууга айыпталууда.
Фергана облустук администрациясы алдын ала тергөө учурунда алар камакта болорун билдирди.
Маалыматтарга караганда, 22-24-август аралыгында райондун бир нече айылдарында жалпысынан 12 киши кармалган.
–YouTube сервисинде өзүнүн каналы бар блогер тууганым Дадахон Хайдаровду 22-августта кармап кетишти. Ал премьер-министр Абдулла Арипов менен жолугушуу учурунда өз пикирин айткан. Өткөн ишембиде биздин райондогу 3-4 айылда жалпысынан 12 кишини алып кетишти,– деди жергиликтүү тургундардын бири.
Бул арада чек ара чырын жөнгө салууга катышкан Сох районундагы активисттердин бири Назиржон Жураев да кармалганы айтылууда. Анын туугандары Назиржондун кай жерде экенин билишпейт. Чек ара жаңжалына шектүүлөрдү Ферганага тик учак менен алып кетип жатышканы жөнүндө маалыматтар бар.
Кармалган 12 кишиге бийлик өкүлү – Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевге каршылык жана күч колдонуу, “Жапырт башалмандыкка катышуу” айыбы менен кылмыш иши козголду.
24-августта Сох районунун прокуратурасы жергиликтүү 12 тургундун кармалганын тастыктыды.
Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары менен Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары быйыл майда чектеш аймакта булактын айланасын тазалап жатып, чатакташа кетишкен. Анда жаңжалга бир миңден төрт миңге чейин киши катышкан. Алар бири-бирин ташбараңга алып, эки тараптан бирдей үйлөрдү өрттөп жиберишкен.
Расмий Ташкент Сохтогу райондук ооруканага ар кандай жаракат менен 187 киши жаткырылганын, анын үчөөнө ок мылтыктан атылганын кабарлаган.
Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча анда 25 киши түрдүү жараат алган, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн.
1-июнда кыргыз-өзбек тарап жолугушуп, андан соң Сохко барган өзбек премьер-министри Абдулла Арипов жергиликтүү элди губернатор аралашкан чыр-чатакты унутууга чакырып, президент жаңжалга аралашкандарды жазалабай турганын билдирген эле.
www.
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.