Аймак

Тажикстан: Орусиядан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдарды аткаруу уланат

Тажикстан: Орусиядан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдарды аткаруу уланат

 636 Бардыгы /

Ырааттуу аба байланышы жанданганга чейин чартердик каттамдар жүзөгө ашырыла берет. Бул тууралуу 5-октябрда Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Саттори билдирди.

Дипломаттын айтымында, ушул тапта күн сайын беш жолу чартердик каттам ишке ашууда.

Тажикстан Орусияга авиабайланышты жанданырууга даяр экенин 22-июлда эле билдирген.

Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары мартта коронавирус коркунучунан улам токтотулган. Соңку учурда Орусиядагы тажикстандыктар мекенине чартердик каттамдар менен гана келишүүдө.

Орусия 21-сентябрда Беларус, Казакстан жана Кыргызстан менен аба байланышын жандандырган.

Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча күн сайын чартердик каттамдар менен 900дөн ашуун тажикстандык үйүнө кайтууда. Пандемия башталгандан бери Орусиядан жалпысынан 50 миңден ашуун жаран мекенине жеткирилди.

www

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17