Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
598 Бардыгы / Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү кийинки шайлоолорду эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүүгө көбүрөөк аракет кылышы керек. Бул тууралуу Европа биримдигинин (ЕБ) 12-октябрда жарыяланган расмий билдирүүсүндө айтылат. ЕБдин расмий өкүлү Питер Станонун айтымында, Тажикстанда президенттик шайлоо тынч жана уюштурулгандыкта өттү. «Ошол эле маалда Душанбе быйыл мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийинки Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) […]
599 Бардыгы / Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү кийинки шайлоолорду эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүүгө көбүрөөк аракет кылышы керек. Бул тууралуу Европа биримдигинин (ЕБ) 12-октябрда жарыяланган расмий билдирүүсүндө айтылат. ЕБдин расмий өкүлү Питер Станонун айтымында, Тажикстанда президенттик шайлоо тынч жана уюштурулгандыкта өттү. «Ошол эле маалда Душанбе быйыл мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийинки Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) […]
ТАЖИКСТАН ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАРДЫН СУНУШТАРЫН КӨҢҮЛГӨ АЛГАН ЖОК
13.10.2020 / Автор orozalieva600 Бардыгы /
Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү кийинки шайлоолорду эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүүгө көбүрөөк аракет кылышы керек. Бул тууралуу Европа биримдигинин (ЕБ) 12-октябрда жарыяланган расмий билдирүүсүндө айтылат.
ЕБдин расмий өкүлү Питер Станонун айтымында, Тажикстанда президенттик шайлоо тынч жана уюштурулгандыкта өттү.
«Ошол эле маалда Душанбе быйыл мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийинки Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Адам укуктары боюнча бюросунун сунуштарын көңүлгө алган эмес. Сунуштардын арасында маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын жана саясий плюрализмди камсыздоо бар болчу», — деди Стано.
Ал Тажикстан демократиялык шайлоо өткөрүүнүн эл аралык стандарттары боюнча ЕККУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн көбүрөөк аракет кылышы керектигин кошумчалады.
Тажикстандагы шайлоого байкоо салган ЕККУнун миссиясы президенттик шайлоо боюнча корутундусун жакынкы бир жарым айдын ичинде жарыялайт деп күтүлүүдө.
Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн азыркы башчысы Эмомали Рахмон жеңишке жеткенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Рахмон шайлоочулардын 90,92% же 3,837 миллион жарандын добушун алды.
Президенттик шайлоого Рахмондон тышкары дагы төрт талапкер катышкан: Тажикстандын агрардык партиясынын лидери Рустам Латифзода, Социалисттик партиянын лидери Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын башчысы Рустам Рахматзод жана коммунисттердин лидери Миродж Абдуллоев. Расмий маалымат боюнча алар шайлоочулардын 1-3% добушун алышты.
Тажикстандагы жалгыз оппозициялык күч эсептелген Социал-демократиялык партия шайлоого бойкот жарыялап, азыркы бийликтин тушунда таза шайлоо болбой турганын билдирген. Партиянын лидери Рахматилло Зойиров «Озоди» радиосуна курган маегинде: «Жарандар шайлоо мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келерин түшүнүштү. Бул шайлоонун жыйынтыктарын таануунун өзү мыйзамсыз болот», — деди.
WWW
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
25.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕР ТИТИРӨӨДӨГҮ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР КАНДАЙ?
-
-
07.04.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИРИ ЭКИНЧИСИН АТЫП ТАШТАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.