Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
592 Бардыгы / Баку Тоолуу Карабакта референдум өткөрүүгө эч качан макул болбойт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев жапониялык Nikkei гезитине берген маегинде билдирди. «Тоолуу Карабакта эч кандай референдум өтпөйт. Биз мындай сунушка эч качан макул болбойбуз. Буга сүйлөшүүлөр маалында да макул болгон эмеспиз. Азыр аймактын көбүн кайра кайтарып алганыбыздан кийин бул жөнүндө сөз болушу да […]
593 Бардыгы / Баку Тоолуу Карабакта референдум өткөрүүгө эч качан макул болбойт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев жапониялык Nikkei гезитине берген маегинде билдирди. «Тоолуу Карабакта эч кандай референдум өтпөйт. Биз мындай сунушка эч качан макул болбойбуз. Буга сүйлөшүүлөр маалында да макул болгон эмеспиз. Азыр аймактын көбүн кайра кайтарып алганыбыздан кийин бул жөнүндө сөз болушу да […]
ИЛХАМ АЛИЕВ: БИЗ ТООЛУУ КАРАБАКТА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮГӨ ЭЧ КАЧАН МАКУЛ БОЛБОЙБУЗ
23.10.2020 / Автор orozalieva594 Бардыгы /
Баку Тоолуу Карабакта референдум өткөрүүгө эч качан макул болбойт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев жапониялык Nikkei гезитине берген маегинде билдирди.
«Тоолуу Карабакта эч кандай референдум өтпөйт. Биз мындай сунушка эч качан макул болбойбуз. Буга сүйлөшүүлөр маалында да макул болгон эмеспиз. Азыр аймактын көбүн кайра кайтарып алганыбыздан кийин бул жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес» — деди Алиев.
«Өзүн өзү аныктоо – эл аралык укуктун маанилүү фактору. Бирок бул Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн бузбашы керек. Армяндар өз тагдырын чечип коюшту. Аларда Армения деген эгемен өлкөсү бар. Армяндар жашаган аймактардын баарында эле өзүн өзү аныктай беришсе, анда дүйнөдө канчалаган кичинекей Армениялар пайда болот эле», — деди Азербайжандын президенти.
«Өзүн өзү аныктоонун түрдүү жолдору бар. Мисалы, маданий автономия болушу мүмкүн. Бир катар Европа өлкөлөрүндөгү айрым бир муниципалитеттерде коомчулуктардын белгилүү бир укуктары бар экенин көрүп жатабыз. Азербайжанда жашап жаткан армяндар да ушундай укуктар менен пайдаланса болот. Бирок биз Азербайжандын аймагында экинчи армян мамлекетинин түзүлүшүнө эч качан жол бербейбиз. Бул жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Бир сөз менен айтканда эч качан эч кандай референдум болбойт», — деди Алиев.
Ошол эле маалда ал Азербайжан өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү максатынан баш тартпай турганын белгиледи. «Армения ал аймактарды бошотуп берүү боюнча өзүнө олутуу милдеттенмелерди алышы керек», — деди азери лидери.
Өз кезегинде Армения Тоолуу Карабак маселесин тынчтык жолу менен гана чечүүгө мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«Биз Тоолуу Карабак маселеси эл аралык мандатка ээ ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагалыгы алдында тынчтык жол менен гана чечилерин дагы бир жолу белгилейбиз», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары Ереван Азербайжан менен Түркияны ок атууну токтотуу боюнча «эл аралык коомчулуктун аракеттерин саботаж кылбоого» жана «күнөөнү армян тарапка оодарууну» токтотууга чакырды.
Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү жолдору жок экенин билдирген. Анын айтымында, Ереван талаптарын азайтуу менен компромисс табууга аракет кылды, бирок жооп катары Баку тараптан мындай кадамдар жасалган жок.
Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.
Быйыл 27-сентябрда Тоолуу Карабакта куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин күнөөлөп жатышат. Эки тараптан тең курман болгондор, анын ичинде карапайым жашоочулар арасында жоготуулар бар.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
09.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖКККББнын БЕШ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.