Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
829 Бардыгы / Кошмо Штаттарда 3-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы эсептелүүдө. Президенттик жарыш али уланууда. Учурдагы президент Дональд Трамп да, демократтардан талапкер Жо Байден да шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун топтой элек. Жоржия, Пенсильвания жана Невадада Трамп менен Байден дээрлик үзөңгүлөш келетат. Трамптын командасы добуштарды саноодо мыйзам бузууларга жол берилген деген жүйө менен сотко кайрылып, президент өзү айрым штаттарда […]
830 Бардыгы / Кошмо Штаттарда 3-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы эсептелүүдө. Президенттик жарыш али уланууда. Учурдагы президент Дональд Трамп да, демократтардан талапкер Жо Байден да шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун топтой элек. Жоржия, Пенсильвания жана Невадада Трамп менен Байден дээрлик үзөңгүлөш келетат. Трамптын командасы добуштарды саноодо мыйзам бузууларга жол берилген деген жүйө менен сотко кайрылып, президент өзү айрым штаттарда […]
АКШДА ДОБУШ САНОО УЛАНУУДА
06.11.2020 / Автор orozalieva831 Бардыгы /
Кошмо Штаттарда 3-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы эсептелүүдө. Президенттик жарыш али уланууда. Учурдагы президент Дональд Трамп да, демократтардан талапкер Жо Байден да шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун топтой элек.
Жоржия, Пенсильвания жана Невадада Трамп менен Байден дээрлик үзөңгүлөш келетат.
Трамптын командасы добуштарды саноодо мыйзам бузууларга жол берилген деген жүйө менен сотко кайрылып, президент өзү айрым штаттарда бюллетендерди саноону токтотууну талап кылган. Шайлоо боюнча эксперттер соттук дооматтар шайлоонун акыркы жыйынтыгына анчалык деле таасирин тийгизбей турганын айтышууда.
Күн мурун Дональд Трамп эки күндөн бери биринчи жолу элге кайрылды. Ак үйдө өткөн брифингде демократтар “шайлоону уурдоого аракет жасашканын” айтты. Трамп шайлоо боюнча далилсиз билдирүүлөрдү жасап жатканда бир нече ири телеканалдар анын сөзүн түз эфирде берүүнү токтотушту. Twitter менен Facebook президенттин билдирүүсүнө талаштуу деген белги койду.
Өз кезегинде Жо Байден америкалыктарды сабырдуу болууга жана шайлоо жараянына ишенүүгө чакырды.
“Ар бир добуш саналышы керек. Эч ким биздин демократиябызды тартып ала албайт. Азыр да, келечекте да. Америка бул үчүн узак жылдар бою күрөшкөн. Мындайды болтурбаш үчүн көп азап-тозоктон өткөн. Биздин оозубузду эч ким тыя албайт. Биз коркпойбуз, багынбайбыз. Мен жеңип чыгарыбызга ишенем. Бирок ал менин же биздин эмес, америкалыктардын, Америка демократиясынын жеңиши болот. Биз утканда көк жана кызыл штаттар болбойт”, – деди Жо Байден.
Байкоочулардын эсеби боюнча эгер Байден Пенсильванияда жеңишке жетпесе да, Аризона жана Невададагы ийгилиги менен 270 упай топтой алат.
Азырынча демократтардын талапкери, 77 жаштагы Байден шайлоо коллегиясынын 253 добушу менен алдыда баратат. Трампта 214 добуш бар. Ал эми жеңиш үчүн 270 добуш зарыл.
Трамптын шайлоо штабы айрым штаттарда добуштардын кайра саналышын талап кыларын билдирди. Байден Висконсинде добуштардын 49,6% алса, Трамптыкы 48,9% болгон.
Автор orozalieva
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖАДА ТАР ДАРЫЯСЫНА КУЛАГАН БАЛАНЫ ДАГЫЛЕ ИЗДЕП ЖАТЫШАТ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.