Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
763 Бардыгы / АКШнын башкы прокурору Уильям Барр федералдык прокурорлорго президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу билдирүүлөр боюнча тергөө баштоого укук берди. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу билдирди. Маалыматка караганда, ошол эле маалда башкы прокурор аймактардагы кесиптештерин «ойдон чыгарылган же апыртылган» билдирүүлөрдүн артынан түшпөөгө чакырды. Шайлоодо мыйзам бузуулар жана бурмалоолор болгонун президент Дональд Трамптын тарапташтары айтып чыгышкан. […]
764 Бардыгы / АКШнын башкы прокурору Уильям Барр федералдык прокурорлорго президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу билдирүүлөр боюнча тергөө баштоого укук берди. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу билдирди. Маалыматка караганда, ошол эле маалда башкы прокурор аймактардагы кесиптештерин «ойдон чыгарылган же апыртылган» билдирүүлөрдүн артынан түшпөөгө чакырды. Шайлоодо мыйзам бузуулар жана бурмалоолор болгонун президент Дональд Трамптын тарапташтары айтып чыгышкан. […]
АКШНЫН БАШКЫ ПРОКУРОРУ ШАЙЛООДОГУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ ТЕКШЕРҮҮГӨ БУЙРУК БЕРДИ
10.11.2020 / Автор aymak765 Бардыгы /
АКШнын башкы прокурору Уильям Барр федералдык прокурорлорго президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу билдирүүлөр боюнча тергөө баштоого укук берди. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу билдирди.
Маалыматка караганда, ошол эле маалда башкы прокурор аймактардагы кесиптештерин «ойдон чыгарылган же апыртылган» билдирүүлөрдүн артынан түшпөөгө чакырды.
Шайлоодо мыйзам бузуулар жана бурмалоолор болгонун президент Дональд Трамптын тарапташтары айтып чыгышкан. Алар Демократиялык партиянын талапкери Жо Байдендин жеңишин тааныбай тургандыктарын билдиришүүдө.
Күн мурун Трамптын шайлоо штабы жергиликтүү бийликтин Пенсильванияда Байденди жеңүүчү деп таануусуна тоскоолдук кылуу максатында федералдык сотко арыз менен кайрылган. Арызда Пенсильванияда почта аркылуу добуш берүү системасында «ачыктык болбогону» жазылган. Демократтар бул дооматтар негизсиз экенин билдиришти.
Трамптын шайлоо штабы жана республикачылар Байден аз гана добуш артыкчылык менен жеңишке жеткен башка штаттарда да сотко кайрылышкан. Бир катар штаттардын соттору айрым арыздарды четке кагышты. Трамп «Твиттердеги» баракчасына командасынын юристтери көрүп жаткан аракеттер жөнүндө жазып, бирок айтылып жаткан мыйзам бузуулар тууралуу конкреттүү далилдерди келтире элек.
АКШда борбордук шайлоо комиссиясы жок, добуш берүүнүн жыйынтыктарын ар бир штат өз алдынча чыгарат. Алар шайлоочулар коллегиясы расмий түрдө жаңы президентти тандагандан кийин 14-декабрга чейин талапкерлердин бирин жеңүүчү деп жарыялашат.
Болжолдуу жыйынтыктарга ылайык, Байден шайлоочулар коллегиясынын кеминде 279унун добушун алды. Бул анын президент болуп шайлануусуна жетиштүү болот.
Трамп жаңы президенттин инаугурациясына чейин мамлекет башчы бойдон калат. Ант берүү аземи 20-январга белгиленген.
WWW
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
29.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.