Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
670 Бардыгы / Тажикстан жырналчылык боюнча дүйнөлүк рейтингде сегиз баскычка жогорулап, 167 өлкөнүн ичинен 112-орунга жайгашты. Бул тууралуу Legatum Institute эл аралык аналитикалык уюму жарыялаган маалыматтарды жазылган. Legatum Institute уюмунун ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Фредерика Арровсвитз өлкөлөрдүн жыргалчылык индексин эсептөөдө 12 көрсөткүч эске алынганын билдирди: коопсуздук, жеке эркиндик, башкаруу, социалдык капитал, инвестициялык климат, ишканалардын шарттары, […]
671 Бардыгы / Тажикстан жырналчылык боюнча дүйнөлүк рейтингде сегиз баскычка жогорулап, 167 өлкөнүн ичинен 112-орунга жайгашты. Бул тууралуу Legatum Institute эл аралык аналитикалык уюму жарыялаган маалыматтарды жазылган. Legatum Institute уюмунун ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Фредерика Арровсвитз өлкөлөрдүн жыргалчылык индексин эсептөөдө 12 көрсөткүч эске алынганын билдирди: коопсуздук, жеке эркиндик, башкаруу, социалдык капитал, инвестициялык климат, ишканалардын шарттары, […]
ТАЖИКСТАН ДҮЙНӨЛҮК ЖЫРГАЛЧЫЛЫК РЕЙТИНГИНДЕ СЕГИЗ БАСКЫЧКА ЖОГОРУЛАДЫ
17.11.2020 / Автор aymak672 Бардыгы /
Тажикстан жырналчылык боюнча дүйнөлүк рейтингде сегиз баскычка жогорулап, 167 өлкөнүн ичинен 112-орунга жайгашты. Бул тууралуу Legatum Institute эл аралык аналитикалык уюму жарыялаган маалыматтарды жазылган.
Legatum Institute уюмунун ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Фредерика Арровсвитз өлкөлөрдүн жыргалчылык индексин эсептөөдө 12 көрсөткүч эске алынганын билдирди: коопсуздук, жеке эркиндик, башкаруу, социалдык капитал, инвестициялык климат, ишканалардын шарттары, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү, экономикалык сапат, адамдардын жашоо шарттары, саламаттыгы, билими жана жаратылыш чөйрөсү. Анын айтымында, Тажикстанда жеке жана үй-бүлөлүк мамилелердин негизинде социалдык капиталдын өсүшү байкалган. «Башкача айтканда, бул өлкөдө туугандык жана үй-бүлөлүк мамилелер бекем, адамдар дайыма жакындарына жардам берүүгө даяр. Өз кезегинде бул өлкөдө жакырчылык деңгээлинин төмөндөшүнө түрткү болот», — деди Арровсвитз.
Анын айтымында, Тажикстанда коопсуздук, жеке эркиндик жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү көрсөткүчтөрү начарлаган. Коопсуздук көрсөткүчүнө кирген терроризм пунктунда өлкө 47 баскычка, «Сөз эркиндиги жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү» пунктунда 13 баскычка төмөндөгөн. Ошол эле маалда инвестициялык климат жана ишканалардын шарты көрсөткүчтөрүндө өсүш болгон.
Акыркы жылдары эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанды сөз эркиндигин чектегени жана цензура үчүн сындап келишет. Өлкө 2019-жылы эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун рейтингинде 161-орунга жайгашкан.
Тажикстандык журналист жана эксперт Хайрулло Мирсаидов Legatum Institute уюмунун изилдөөсү менен макул эмес экенин билдирүүдө. Анын айтымында, мындай рейтингдер расмий бийлик берген маалыматтардын негизинде түзүлөт. «Бул изилдөөгө ишенсек, анда экономикалык өнүгүү боюнча Тажикстандын көрсөткүчтөрү КМШда эң жогору болуп калууда. Анда акыркы жылдары жакырчылык деңгээли 60 пайыздан 33 пайызга төмөндөгөндүгү тууралуу тажик бийлигинин айткандары да кайталанууда», — деди Мирсаидов.
Ал акыркы он жылдыкта Тажикстанда жашоо деңгээли жакшырганын, бирок бул процесс өтө жай болуп жатканын кошумчалады.
The 2020 Legatum Prosperity Index рейтингинде биринчи орунга Дания, андан кийин Норвегия жана Швейцария жайгашкан. Орусия 76чы, Беларусь 69чу орундарда. Эң төмөнкү 166чы жана 167чи орундарга Борбордук Африка республикасы менен Түштүк Судан өлкөлөрү жайгашкан.
WWW
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
-
13.08.2025 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА АКЫНДАРДЫН XVIII ЭЛ АРАЛЫК АЙТЫШЫ ӨТӨТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.