Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
808 Бардыгы / Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) эки саат суракта болду. Бул тууралуу 1-декабрда «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди. Анын айтымында, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Мыйзамсыз боюу» деген 323-беренесинин негизинде жүрүп жатат. «Тергөөнүн жүрүшүндө Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган […]
809 Бардыгы / Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) эки саат суракта болду. Бул тууралуу 1-декабрда «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди. Анын айтымында, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Мыйзамсыз боюу» деген 323-беренесинин негизинде жүрүп жатат. «Тергөөнүн жүрүшүндө Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган […]
ФИНПОЛ: САРПАШЕВ СУРАКТА 530 ГЕКТАР ЖЕРИН МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРУУ НИЕТИН БИЛДИРДИ
01.12.2020 / Автор orozalieva810 Бардыгы /
Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) эки саат суракта болду. Бул тууралуу 1-декабрда «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.
Анын айтымында, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Мыйзамсыз боюу» деген 323-беренесинин негизинде жүрүп жатат.
«Тергөөнүн жүрүшүндө Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди», – деди ал.
Финполдун маалыматына караганда, тергөө уланууда жана кийинки жумада Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет.
Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын Финпол 27-ноябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, «ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган».
Сарпашевден же анын жактоочуларынан бул маалымат боюнча «Азаттык» азырынча комментарий ала элек. 30-декабрдагы сурактан кийин журналисттерге берген комментарийинде ал мамлекеттик кызматта иштебеген учурларда ишкердик менен алектенгенин белгилеп, коюлган айыптарга байланыштуу өз позициясын коргогонго аракет кыларын билдирген.
Сарпашев өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон.
Финпол Сарпашев 2016-жылы мурдагы президенттин уулу Максим Бакив менен байланышы бар адамдарга катталган мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарууга тиешеси болгон деп айыптап, быйыл 11-ноябрда анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Мындай айып ага 2017-жылы да коюлган. Ошол эле жылы тендерге байланыштуу Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон. Мыйзам бузуу болбогонун, бул иштер кийин токтотулганын Тайырбек Сарпашев 2018-жылы билдирген.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg ИЛИМИЙ ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ РАЙОНУНДАГЫ ДАРЫЯДАН ОК-ДАРЫЛАР ТАБЫЛДЫ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.