Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
679 Бардыгы / Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилди. Бул тууралуу маалыматты мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров «Азаттыкка» ырастады: «Бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Эгер депутаттар колдосо, эмки жумада экинчи жана үчүнчү окууга алып […]
680 Бардыгы / Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилди. Бул тууралуу маалыматты мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров «Азаттыкка» ырастады: «Бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Эгер депутаттар колдосо, эмки жумада экинчи жана үчүнчү окууга алып […]
РЕФЕРЕНДУМ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ЖАЛПЫ СЕССИЯНЫН КҮН ТАРТИБИНЕ КИРГИЗИЛДИ
03.12.2020 / Автор orozalieva681 Бардыгы /
Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилди.
Бул тууралуу маалыматты мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров «Азаттыкка» ырастады:
«Бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Эгер депутаттар колдосо, эмки жумада экинчи жана үчүнчү окууга алып чыгабыз. Мыйзам долбоору 1-апрелден бери коомдук талкууда турат. Бийлик кандай болушу керек экенин эл чечсин. Президенттик десе, президенттик кылалы. Парламенттик десе, парламенттик кылалы. Чече турган орган керек болуп калды да».
Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда регламент сакталбаганы боюнча дооматтарга «комитеттин корутундусу чыккандыктан, жалпы жыйынга сунуш кылынган» деп жооп берди.
«Комитетте булар «кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз» дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү».
Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда мындай тажрыйба бар экенин айтты. Мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык экенин, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага өзү автор катары алып чыкканын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзам долбоору регламентти бузуу менен жалпы сессиянын кароосуна чыгарылганын билдирип жатышат.
17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.
Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына «бул – диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп жооп кайтарган.
Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
-
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШМУда БИЛИМ САПАТЫ ТЕКШЕРИЛИП, АККРЕДИТАЦИЯЛОО ЖАРАЯНЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
10.03.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИНЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
18.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ИМАРАТЫ МЕКТЕПКЕ АЙЛАНАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.