Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
742 Бардыгы / Америкалык журналист жана медиа менежер Тед Липиен «Эркин Европа / Азаттык Үналгысы» медиа корпорациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу АКШнын дүйнөлүк медиа агенттигинин башчысы Майкл Пэк маалымдады. «Чет өлкөлөр үчүн америкалык берүүлөрдүн мүдөө-милдети менен көп кырдуулугун анча-мынча гана киши Тед сыяктуу аңдай алат», – деди Пэк мырза. Тадеуш (Тед) Липиен 1953-жылы Польшанын түштүгүндөгү […]
743 Бардыгы / Америкалык журналист жана медиа менежер Тед Липиен «Эркин Европа / Азаттык Үналгысы» медиа корпорациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу АКШнын дүйнөлүк медиа агенттигинин башчысы Майкл Пэк маалымдады. «Чет өлкөлөр үчүн америкалык берүүлөрдүн мүдөө-милдети менен көп кырдуулугун анча-мынча гана киши Тед сыяктуу аңдай алат», – деди Пэк мырза. Тадеуш (Тед) Липиен 1953-жылы Польшанын түштүгүндөгү […]
ТЕД ЛИПИЕН ЭЕ/АҮ МЕДИА КОРПОРАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
21.12.2020 / Автор orozalieva744 Бардыгы /
Америкалык журналист жана медиа менежер Тед Липиен «Эркин Европа / Азаттык Үналгысы» медиа корпорациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу АКШнын дүйнөлүк медиа агенттигинин башчысы Майкл Пэк маалымдады.
«Чет өлкөлөр үчүн америкалык берүүлөрдүн мүдөө-милдети менен көп кырдуулугун анча-мынча гана киши Тед сыяктуу аңдай алат», – деди Пэк мырза.
Тадеуш (Тед) Липиен 1953-жылы Польшанын түштүгүндөгү Мшана-Дольна шаарында туулган. 1970-жылы АКШга кеткен жана Жорж Вашингтон университетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
1973-жылы ал «Америка доошу» үналгы компаниясында иштей баштаган. 1981–1993-жылдары анын поляк кызматын жетектеген. Ошол доор Польшадагы демократиялык жаңылануу үчүн күрөш, айтылуу «Солидарност» кесиптик кошуунунун жигердүү ишмердиги менен байланыштуу зор окуялар чагылдырылган.
1993–2003-жылдары Липиен Мюнхен менен Прагада Берүүлөр жаатындагы башкаруучулардын америкалык кеңешинде иштеген. 2003–2005-жылдары «Америка доошунун» Евразиялык бөлүмүнүн директору жана «Америка доошунун» директорунун орун басары болуп иштеген.
Ал аталган радиодогу ишинен Рим папасы Иоанн Павел Экинчинин өмүр таржымакалы жаатында эмгек жазуу үчүн кеткен. Андан соң ал «Эркин онлайн медиа» (Free Media Online) аттуу бейөкмөт уюмду түзүп, ал аркылуу көз карандысыз медиа каражаттарын колдоого алган.
Липиендин айтымында, ал өспүрүм кезинде эле «Эркин Европа» үналгысынын берүүлөрүн поляк жергесинде угуп, коммунисттик өкмөт элден жаап-жашырган маалыматтарды үйрөнгөн. «Бул (берүүлөр) мага жана миллиондогон кишилерге зор таасир тийгизген. Мага цензураны жарып өтүп, өз үнүн сыртка чыгаруу укугунан ажырагандардын добушун жеткирүүдө мол тарыхы бар дал ушул уюмга көмөк кылууну ишенип тапшырып жатышкандыгы – мен үчүн зор сыймык», – деп Липиен USAGM агенттигине билдирген.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНАН КАБАР АЛЫНДЫ
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg УЛАНБЕК САТИЕВ УТРКнын БАШКЫ ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg АБА МАЙДАНЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.