Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
967 Бардыгы / Орусиянын атактуу «Живая Планета» («Жандуу Планета») телеканалы «Планетанын тирүү символдору. Кыргызстандын жан-жаныбарлары» программасын жумурай журтка тартуулады. Аталган прогамманын алып баруучусу Константин БЫШЕВОЙ кабарчыбызга курган маегинде «Кыргыз жергеси жакынкы жылдарда азыркы Швейцариядан дагы ашып түшкөн өлкөгө айланат» деп ишендирди. – Константин мырза, эмне себептен Программаңызга дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанды гана иргедиңиз? […]
968 Бардыгы / Орусиянын атактуу «Живая Планета» («Жандуу Планета») телеканалы «Планетанын тирүү символдору. Кыргызстандын жан-жаныбарлары» программасын жумурай журтка тартуулады. Аталган прогамманын алып баруучусу Константин БЫШЕВОЙ кабарчыбызга курган маегинде «Кыргыз жергеси жакынкы жылдарда азыркы Швейцариядан дагы ашып түшкөн өлкөгө айланат» деп ишендирди. – Константин мырза, эмне себептен Программаңызга дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанды гана иргедиңиз? […]
КОНСТАНТИН БЫШЕВОЙ: «КЫРГЫЗСТАН ШВЕЙЦАРИЯДАН КЕМ ЭМЕС!»
28.12.2020 / Автор orozalieva969 Бардыгы /
Орусиянын атактуу «Живая Планета» («Жандуу Планета») телеканалы «Планетанын тирүү символдору. Кыргызстандын жан-жаныбарлары» программасын жумурай журтка тартуулады. Аталган прогамманын алып баруучусу Константин БЫШЕВОЙ кабарчыбызга курган маегинде «Кыргыз жергеси жакынкы жылдарда азыркы Швейцариядан дагы ашып түшкөн өлкөгө айланат» деп ишендирди.
– Константин мырза, эмне себептен Программаңызга дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанды гана иргедиңиз?
– Алишер, чындап эле колдо бар алтындын баркы жок экен. Жериңер абдан ажайып, тим эле бейиштин төрү турбайбы! Буюрса, жакшы Президентти шайлап алсаңар, анын аракети аркасында Кыргызстан биз өлө суктанган Швейцарияга, Түндөк Италияга, же Жаңы Зеландияга сөзсүз айланаарында менин шегим жок! Анткени, көз тийбесин, өлкөңөр ушунчалык уникалдуу жана өлө кооз экен! Тилекке каршы, кыргызстандыктар дал ушундай сулуулуктун баркына жетпей жатканыңар абдан өкүнүчтүү!
– Эмне үчүн!
– Кыргызстанды көкөлөтө мактагандан алысмын. Бирок, чет өлкөлүк замандаштарыма «Эгерде Сиз Кыргыз жергесинде таптакыр болбосоңуз, анда бул жакка сөзсүз саякаттаңыз?!?» демекчимин. Себеби, жаратылыш абдан кооз, эң эле сулуу аймак турбайбы. Кен байлыктарын айтпай эле коеюн. А жөнүндө өзүнчө кеп.
– Сиздин Программаңызды дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө аябай тамшанып көрүшөт. Демек, ушундин кийин биздин өлкөбүзгө агылган туристтердин саны мындан ары тыйылбай калат го?
– Мунуңуз туптуура! Мен деле бөркүмдөй ишенем, Кыргызстан мындан ары туруктуу туризм Мекенине гана айланат. Муну үчүн заманбап шарттарды гана жаратып, туристтерди тейлөөнү бара-бара жакшыртууңуздар абзел!
– Кыргыстанды кыдырып жүрүп Сиз деги кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
– Таарынбассыз, бирок, ачык айтууга тийишмин! Кыргызстан эрге тийе элек кыздай экен! Жапжаңы, сүйкүмдүү жана өтө эле берешен! Сиздердин жергени бир көргөн киши кайрадан эле көргөнгө ашыгат. А чынын айтканда, Кыргызстанга жипсиз бгана айланат. Ошондуктан, мамлекетке жыл бою кирешге түшүрүп тургун мындай чоң мүмкүнчүлүктү Кыргыз Өкмөтү таптакыр колдон чыгарбоосу кажет! Бул аркылуу бюджетиңиздерди туруктуу жана бир калыпта кармаганга деле сопсонун ыңгай жаралат.
– А эмне, элибиз жакпадыбы?
– Жок, эй! Айкөл жана ашкере ак көңүл калк экенсиңер. Баарыңар тең – кары-жашыңарга карабай, орус тилин суудай билет турбайсыңарбы. Ошого жараша тамак-ашаңыздар дагы абдан жегиликтүүлүгүн айтыңыз! Бул жерде оокат-аштын баасы күлкү келээрлик, иттей арзан турбайбы…
– А Ысык-Көлдү көрдүңүздөрбү?
– ЫСык-Көлгө сөз жок Ошондой эле Тянь-Шань жана Памир – тим эле фантастика! Мындай ажайып жаратылышты Кыргызстанга гана буюрганына, кыргыздар Кудайга миң мертебе шүгүр эткиле?!?
– Эмне, бир дагы кемчилигибизди байкабадыңыздарбы?
– Кантип? Эң эле өкүнүчтүүсү: туризмдик тейлөө (сервис) абдан начар. Мейманканалар эптемей. А жолуңардын азабын куп тарткан адам Кыргызстанга экинчи басып келбейт. Эң кооз жайлоолоруңуздарда заманбап инфарструктура дээрлик жок! Албетте, бул кемчиликтерден чукул арада жана анча көп эмес каражат коротуп кутулсаңыздар болчудай… Ошондо Кыргызстанга азыркыдан дагы көкбүрөөк туристтер агылат.
– Константин мырза, ошентип Кыргызстан акырында өнүгүү нугуна түшөт деңиз?
– Ооба. Менин мындан кымындай дагы шегим жок!
Ала Тоонун боорунда,
Жамбаштап жатсаң сонун да! – деп баарын Кудайдан гана тилештин кажети жок! Өзүңөр айтасыздар го, аракет кылсаң, сөзсүз берекети болот, эй!
Жылдардын бир жылдарында туз-насип буюруп, мен кайрадан Кыргызстанга келгенимде, лыжа жана чана тээп жыргап, балык уулап ырдап, тоолорго чыгып шуулдап, ошондой эле Жер шарындагы эң мыкты самсаны жана шашлыкты дагы тамшанып жеймин го деген терең ишенитчтемин!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg АЗЕРБАЙЖАН ЛАЧИН КОРИДОРУНА КӨЗӨМӨЛ-ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИН ОРНОТТУ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg Бердибек АБДРАХМАНОВ: “КАТТА ТАЛДЫКТЫ ДОТАЦИЯДАН ЧЫГАРАМ!”
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО 200гө ЧУКУЛ БАЙКЕР АТАЙЫН ЖҮРҮШ ЖАСАП, МОТОСЕЗОН АЧЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.