Аймак

ТАЖИКСТАНДА 2020-ЖЫЛЫ НААРАЗЫЛЫКТАР КӨБӨЙДҮ

ТАЖИКСТАНДА 2020-ЖЫЛЫ НААРАЗЫЛЫКТАР КӨБӨЙДҮ

 732 Бардыгы /

Тажикстандын Хуросон районундагы нааразылык акциясы. 17-май 2020-жылПоделиться

 Print

2020-жыл Тажикстан үчүн коронавирус пандемиясына байланыштуу жаралган экономикалык кыйынчылыктардан тышкары социалдык чакырыктар жылы болду. Өлкөнүн түрдүү аймактарында жана социалдык түйүндөрдө жарандар нааразылыктарын көп билдиришти.

Тажикстандагы социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында нааразылык апрелдин башында көбөйгөн. Буга бийлик өлкөнүн түндүк бөлүгүндө коронавирустун белгилери менен каза болгондорго пневмония диагнозун коюп, Тажикстанда COVID-19 вирусу жок экенин билдирип жатканы себеп болгон. Бийлик коронавирус бар экенин апрелдин аягында, өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү келердин алдында мойнуна алган.

Бул аралыкта соцтармактар аркылуу бийликтин аракеттерин сындагандар болуп көрбөгөндөй көбөйгөн. Өлкө сыртындагы оппозиция өкүлдөрү менен жергиликтүү активисттер бийликти оору менен расмий статистиканы жашырууга, чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамды өз атынан элге таратууга, коронавируска каршы күрөшүү боюнча так антикризистик планы жоктугуна айыпташкан. Алардын арасында кырдаалга тиешелүү деңгээлде реакция жасай албагандыгы үчүн президенттин отставкасын талап кылгандар да болгон.

Мындан тышкары жарандардын нааразылыгы тажикстандыктардын Москва, Стамбул, Дубай аэропортторунан уча албаганына, ошондой эле орус-казак жана казак-өзбек чек араларынан өтө албай калганына байланыштуу болгон.

Эксперттер кийинки жылы экономикалык абалды начарлашы коомдогу мындай маанайды күчөтүшү мүмкүн экенин билдиришүүдө.

«Бийлик жарандардын экономикалык абалын реалдуу өзгөртө албайт, ошондуктан алар өз позицияларын, коопсуздугун бекемдөө менен алек болуп жатышат. Бийлик жыл өткөн сайын түрдүү мыйзамдар менен адамдардын аракеттерин көбүрөөк чектеп жатат. Ошондуктан нааразылыктар күчөйт, анткени элде башка жол жок», — деди саясий серепчи Хайрулло Мирсаидов.

Мындай пикир менен Тажикстандын демкратиялык партиясынын лидери Саиджафар Усмонзода макул эмес. Ал элдин нааразылыгын демократиялык өнүгүүгө болгон салым деп атады.

«Нааразылыктар Хуросондо жана башка аймактарда болду. Бирок эч жерде полиция барып, акция катышуучуларын кууп тараткан жок. Аларга карата эч кандай күч колдонулган жок. Бийлик алардын коопсуздугун камсыз кылып берди, өз позициясын билдирген адамдар болсо, демократиялык коомдун калыптанышына салым кошуп жатышат», – деди ал.

Бирок айрым эксперттер өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын оорлошу жана бийликтин натыйжасыз аракеттери калктын саясий маданиятына өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн деп эсептешүүдө.

Тажикстанда 2014-жылы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, өлкөдө нааразылык акциялар бийликтин уруксаты менен гана өтүшү керек. Эгер митинг катышуучуларынын саны миңден ашпаса, уюштуруучулардын арызын жергиликтүү бийлик кароого укуктуу. Андан ашык болсо арыздар борбордук бийликке жөнөтүлөт.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17