Аймак

БШК АСПЕКОВ ЖАНА ЖУНУСБЕКОВ БОЮНЧА АРЫЗГА БАЙЛАНЫШТУУ ИИМГЕ КАЙРЫЛДЫ

БШК АСПЕКОВ ЖАНА ЖУНУСБЕКОВ БОЮНЧА АРЫЗГА БАЙЛАНЫШТУУ ИИМГЕ КАЙРЫЛДЫ

 721 Бардыгы /

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощиндин арызы боюнча укук коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу 28-декабрда «Азаттыкка» БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди:

«Өзүбүз тактаганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, биз укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Ички иштер министрлигине (ИИМ) кат жөнөткөнбүз».

Премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып берип, азыр президенттикке ат салышып жаткан Жапаровдун өкүлү Боршайкомго 23-декабрда кайрылып, Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбеков аттуу адамдардын Жапаровго расмий жана юридикалык тиешеси жок экенин, алар шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин билдирген. Ошону менен катар Мощин алар Жапаровдун үгүт өнөктүгүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышканын белгилеген.

Жапаровдун өкүлү өз арызында буга байланыштуу милицияга да кайрылганын, аларды жоопко тартууну өтүнгөнүн жазган.

«Азаттык» бул боюнча Аспеков менен байланышканда ал Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт иштеринин Чүй облусу боюнча координатору болуп эсептелерин, жогорудагы арыз тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Жунусбеков бул арыз анын маселеси БШКда каралып жаткан учурда жазылган болушу ыктымал экенин билдирип, маселе чечилгенин айтты. Ал «Мегаком» ишканасынын жетекчисинин кеңешчиси катары президенттик шайлоо учурунда үгүт иштерине катыша алабы же жокпу деген маселе БШКда өткөн аптада каралып, анын пайдасына чечилгенин белгиледи.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17