Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

 942 Бардыгы /

Бүгүн, 15-январда Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

“Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 41 километр түндүк-чыгышта болгон. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү: Ак-Терек, Жийде айылдарында 3,5 баллга жакын, Орказган, Чангет, Кыргызстан, Тосой, Ничке-Сай, Кайрат, Заргер, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга жакын, Саламалик, Калта, Кара-Чолок, Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Маяк, Жыланды, Маркай, Михайловка, Саты, Кош-Этер айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында – болжол менен 2,5 баллга чейин сезилди”, – деп жазылат билдирүүдө

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17