Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
766 Бардыгы / БИШКЕК. 18-январда маршруттук таксилердин бир бөлүгү каттамга чыккан жок. Алар жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылып жатышат. Жүргүнчүлөр мынча каражат төлөөгө даяр эмес. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларынын жол кирени көбөйтүү боюнча талаптарына жооп берди. Түлөбаев кайрылуусун 18-январда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады. Анда ал айдоочуларды иш таштабоого чакырып, […]
767 Бардыгы / БИШКЕК. 18-январда маршруттук таксилердин бир бөлүгү каттамга чыккан жок. Алар жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылып жатышат. Жүргүнчүлөр мынча каражат төлөөгө даяр эмес. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларынын жол кирени көбөйтүү боюнча талаптарына жооп берди. Түлөбаев кайрылуусун 18-январда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады. Анда ал айдоочуларды иш таштабоого чакырып, […]
БИШКЕКТЕ ЖҮЗДӨГӨН МАРШУРТТУК ТАКСИЛЕРДИН АЙДООЧУЛАРЫ ИШКЕ ЧЫККАН ЖОК
19.01.2021 / Автор aymak

768 Бардыгы /
БИШКЕК. 18-январда маршруттук таксилердин бир бөлүгү каттамга чыккан жок. Алар жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылып жатышат. Жүргүнчүлөр мынча каражат төлөөгө даяр эмес.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларынын жол кирени көбөйтүү боюнча талаптарына жооп берди.
Түлөбаев кайрылуусун 18-январда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.
Анда ал айдоочуларды иш таштабоого чакырып, алардын талаптарын чечүүгө жок дегенде бир-эки ай убакыт керек экенин айтты.
«Маршруттук такси айдагандардын көйгөйүн билебиз. Жети жылдан бери тарифти көтөрө элекпиз. Азыр дароо эле көтөрүп бергиле деген туура эмес. Анын өзүнүн процедуралары бар. Экономика министрлиги менен макулдашуу керек. Биз элдин акыбалына жараша, тарифти көтөрүп берүүгө даярбыз. Маселени майга чейин чечип берүүгө аракет кылабыз. Силердин каттамга чыгууңуздарды өтүнөм. Эгер, чыкпасаңар ал каттамдарга башка маршруттук таксилерди чыгарууга мажбур болом», – деди Балбак Түлөбаев.
17-январда Бишкек шаарынын жүргүнчү ташуучуларына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлүп, коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учураса, мэрия жеке компаниялар менен кызматташууну кайрадан карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилген.
Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы белгилегендей, аларга «кичи автобустардын айдоочуларынын арасында иш таштоо жана нааразылык акцияларын уюштуруу боюнча чагымчыл чакырыктар жайылып жатат»,- деген маалымат түшкөн.
“Бишкек шаарынын социалдык абалын туруксуздаштыруунун ыктымалдуу көрүнүштөрүндө мыйзам бузуу белгилери бар”, – деп белгилеген милиция кичи автобустардын айдоочуларын айрым кызыкдар адамдардын жана чагымчыл ушактардын курмандыгы болуп калбоого үндөдү.
Буга чейин Бишкек мэриясында кичи автобустарда жол акысын көтөрүү маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу айдоочулар жол акысын 15 сомго көтөрүүнү суранышкан. Вице-мэр Азиз Алымкулов бул маселе этап-этабы менен чечилиши керектигин белгилеген.
Бишкекте муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.
Учурда кичи автобустардын жол киреси 10 сомду түзөт.
WWW
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЧЕК АРАНЫ КОРГООДО КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН АЧТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.