Аймак

МИЛИЦИЯНЫН КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАСЫ АРКЫЛУУ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР УЛАНУУДА

МИЛИЦИЯНЫН КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАСЫ АРКЫЛУУ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР УЛАНУУДА

 690 Бардыгы /

БАЗАР-КОРГОН.

Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен район аймактарын кыдырып жатышат. Алар жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын жана сунуштарын жеринде кабыл алуу менен бирге түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды мал уурулуктарын болтурбоо үчүн өз короолоруна сак болууга үндөшүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакыттарда себепсиз көчөгөчыгууларын болтурбоо, аларды ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгы ата-энелерге жеткирилүүдө. Мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, кылмыштуулуктан алыс болуу зарылдыгы айтылып, мыкты билим алуу менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу керектиги белгиленүүдө.

Эске салсак 2020-жылдын 12 айындаБазар-Коргон РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 139 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 157 ар кандай маанидеги арыз-даттанууларды кабыл алган болсо, анын 137си чечилген.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17