Аймак

БЫЛТЫР КЫРГЫЗСТАНДЫН КОҢШУ ӨЛКӨЛӨР МЕНЕН ЧЕК АРАЛАРЫНДА 12 ЖАҢЖАЛ КАТТАЛДЫ

БЫЛТЫР КЫРГЫЗСТАНДЫН КОҢШУ ӨЛКӨЛӨР МЕНЕН ЧЕК АРАЛАРЫНДА 12 ЖАҢЖАЛ КАТТАЛДЫ

 503 Бардыгы /

2020-жылы Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чек араларында 12 жаңжал катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасында тогуз, кыргыз-өзбек чек арасында үч жаңжал болгон.

Ошол эле маалда Чек ара кызматы 2020-жылдагы мамлекеттик чек арадагы абалды туруктуу деп баалады.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырым. Анын ичинен 519 чакырымы делимитация жана демаркациядан өтүп, калган бөлүгү тактала элек.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаш аймак бар. Чек аранын тактала элек бөлүктөрүндө жайыт, жер жана сугат суу талашынан улам жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17