Өлкө аймактары менен кубаттуу
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
3,616 Бардыгы / Кандай согуш болбосун, ал жоготуулар менен коштолот эмеспи. 1979-жылдын 25-декабрынан 1989-жылдын 15-февралына чейинки аралыкка созулган Ооган согушунда Советтер союзу 15 031 адамынан ажыраган. 53 753 адам жарадар болгон, контузияга учурап, травма алган. 417 аскер кызматчысы туткунга түшүп, дайынсыз жоголгон. Анын 130у советтик аскерлер Афганстандан чыкканга чейин бошотулган. Башка союздук республикалар сыяктуу эле Кыргызстан да […]
3,617 Бардыгы / Кандай согуш болбосун, ал жоготуулар менен коштолот эмеспи. 1979-жылдын 25-декабрынан 1989-жылдын 15-февралына чейинки аралыкка созулган Ооган согушунда Советтер союзу 15 031 адамынан ажыраган. 53 753 адам жарадар болгон, контузияга учурап, травма алган. 417 аскер кызматчысы туткунга түшүп, дайынсыз жоголгон. Анын 130у советтик аскерлер Афганстандан чыкканга чейин бошотулган. Башка союздук республикалар сыяктуу эле Кыргызстан да […]
ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ -ЭРДИКТИН ҮЛГҮСҮ
16.02.2021 / Автор aymak

3,618 Бардыгы /
Кандай согуш болбосун, ал жоготуулар менен коштолот эмеспи. 1979-жылдын 25-декабрынан 1989-жылдын 15-февралына чейинки аралыкка созулган Ооган согушунда Советтер союзу 15 031 адамынан ажыраган. 53 753 адам жарадар болгон, контузияга учурап, травма алган. 417 аскер кызматчысы туткунга түшүп, дайынсыз жоголгон. Анын 130у советтик аскерлер Афганстандан чыкканга чейин бошотулган. Башка союздук республикалар сыяктуу эле Кыргызстан да бул согушка өзүнүн 7141 уулун узаткан. Анын 252си курман болгон, 586ы майып, 1500дөн ашыгы жарадар болуп кайткан, төрт адам дайынсыз жоголгон.
Ош шаардык аскер комиссиараты 751 жоокерди Ооган согушуна жөнөткөн, анын ичинен 19у каза болгон. Азыркы учурда Ош шаарында 400 жакын Ооган согушунун катышуучулары бар.
15-февраль күнү өлкөбүздүн башка аймактары сыяктуу эле Ош шаарында Оогандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 32 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага Ооган согушунун ардагерлери, бул согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү жана аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери катышты.
Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюу жана шейит кеткендердин арбагына куран түшүрүү менен башталган бул иш чарада Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, Ооган согушунун ардагерлеринин Ош шаардык төрагасы Какан Эралиев, Россиянын Ош шаарындагы консулу В.Свистин, Ош шаардык кеңештин Төрагасынын орун басары Б. Каналиев, Ош шаарындагы аскер жана чек ара бөлүктөрүнүн жетекчилери чыгып сүйлөштү.
Алар ошол кездеги өлкөнүн коопсуздугун сактап калуу үчүн болгон согушка катышкан көп улуттардан турган советтик жоокерлердин эрдиктери жана интернационалист жоокерлердин эл достугун чыңдоодогу жарандык активдүүлүгү жана Баткен согушундагы каармандыктары тууралуу баяндама жасашты. Жаш муундардын мекенчилдикке тарбиялоодо эрдиктин жана каармандыктын үлгүсү болгон Афган ардагерлеринин ролун баса белгилөө менен, алар ар дайым мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан камкордукка алынууга тийиш экендигине токтолушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар Ооган согушунун ардагерлерине Ош шаарынын мэриясынын жана КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы жана материалдык сыйлыктар ыйгарылды.
Салтанаттуу иш-чаранын кийинки бөлүгүндө курман болгон интернационалист жоокерлердин урматы үчүн аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери эстеликтин жанынан салтанаттуу марш менен өтүштү.
Иш-чара мэрия тарабынан уюштурулган сый тамак жана шаардагы «Келечек» балдардын чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучуларынын тематикалык концерти менен жыйынтыкталды.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, “АЙМАК”
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg КРдин БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫНДА 3 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
28.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 13 МИҢДЕН АШЫК СТУДЕНТ ОКУУДАН ЧЫГАРЫЛДЫ
-
30.08.2025 / Автор anarkan_kg КЕРБЕН ШААРЫНДА “БОЗБУ” КӨМӨК ЧОРДОНУ АЧЫЛДЫ
-
17.09.2025 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.