Аймак

КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ БОЛДУ

КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ БОЛДУ

 864 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун кезектеги координациялык кеңешмеси болуп өттү. Анда жергиликтүү райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери жана өкүл катышышты.

Анда 2021-жылдын иш планын бекитүү, облус аймактарындагы мыйзамдуулуктун сакталышы, жергиликтүү шайлоого даярдыктар көрүү жөнүндө жана сел, коркунуч туудурган жерлерде жашаган калктын абалы жөнүндө сөздөр козголду. Жалал-Абад облусунун өкүлүнүн айтымында мониторинг  бөлүмү эч кандай көзгө илинип айта турчу иш чараларын өткөрүшкөн эмес. Акимдер, өкмөттөрдөн жерлерди мониторинг өткөрүп берүүнү сурашканда да иш аракет көрсөтпөгөнүн билдирди. Аны менен А.Сыргабаев аларды ишке жакшы кириши жана ак ниет менен иштөөгө чакырды.

Ош-Бишкек жолунда 17-18феврал күндөрү 2көчкү коркунучунда турган мөңгүлөр атып түшүрүлгөн. Аны менен токтоп калбай кече күнү үч жолду көчкү түшкөндүгү айтылды. Алдын алуу үчүн министрлик менен биргеликте 26-февралда да мөңгүлөрдү атып түшүрүү иш аракеттери көрүлөт.

Сел, суу ташкындардан коргонуу бөлүмүнүн башчысы Ташматов Максатбектин айтымында бул жылы оңдоо иш аракеттерине 9 объект каралды. Алар Базар-Коргон, Ала-Бука жана башка райондордо орун алат.

А.Сыргабаев:  жетекчилер сай жээктери бизге карайт каналдар бизге карайт деп өзүңөргө эмне карашын толук билбейсиңер. Каналдар сай жээгинде курулуп жатпайбы? Анан карабайт дейсинер…. же силердин кесибиңер туура келбейт, же сай жээктерин аралап көрбөйсүңөр.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17